Кекеева Ч. О.

    Кекеева Ч.О.,
БИОЛОГИЯНЫ ОКУТУУДА ОКУУЧУЛАРДЫН ТАБИГЫЙ-ИЛИМИЙ САБАТТУУЛУГУН КАЛЫПТАНДЫРУУ ЫКМАЛАРЫ
Страницы:258-268      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-258-268

Макалада билим берүү системасындагы учурдун талабы болуп жаткан “функционалдык сабаттуулуктун” негизги компоненттери боюнча кыскача мүнөздөмө берилген. Табигый-илимийпредметтерин интегралдаштырып окутууда,  табигый-илимий сабаттуулуктун компетенцияларын калыптандырууиш аракеттеринин жүрүшү жанаокуучуларга берилген тапшырмалардын мазмундук түзүлүшүнүн мисалдарычагылдырылган.   

Мектептеги билим берүүдө окутулган бардык STEMпредметтердин алкагында, ошондой эле өзүнчө предметтин алкагында - логикалык, чыгармачыл жана сынчыл ой жүгүртүү, лидерлик, натыйжалуу баарлашуу ж.б. мисалдарыкаралган. Мында окуучуларга билимден тышкары, адамдар менен баарлашуу, өзүн-өзү таануу, тарбиялоо жана башка максаттар үчүн керек болгон көндүмдөрдү берүү зарыл экени баяндалган.

Эгерде биз, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрдык потенциалдын жогорулашына камкордук көрсөк, анда жарандардын табият таануу сабаттуулугун калыптандыруу өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп каларын түшүнөбүз. Коомдун жашоо сапаты, билим деңгээли, анын инновацияларга даярдыгы көбүнчө жарандардын табигый-илимий сабаттуулугунан көз каранды. Табигый илимий сабаттуулугу адамдын табият илимдерине тиешелүү маселелерди чечүүгө жөндөмдүүлүгү, анын табият илимий идеяларына, ачылыштарына жана технологияларына кызыгууга даярдыгы катары түшүнүлөт. Бул жаатта сабаттуу адам табият илимдерине тиешелүү проблемаларды негиздүү талкуулоого катышууга умтулат.

Мектептеги окуу процессинде окуучулар функционалдык сабаттуулуктун негизги компонентеринин  компетенцияларына ээ болгонун, ар түрдүү кырдаалдагы деңгээлдик тапшырмаларды аткарууда билимин интегралдаштырып колдонууда байкалат жана негизги жашыл көндүмдөрдүн калыптанышына алып келет.

Табигый-илимий сабаттуулук – илимий методдордун жардамы менен изилденип, такталып, байкоолорго жана эксперименттерге негизделген тыянактарга алып келүүчү реалдуу кырдаалдардагы көйгөйлөрдү табигый-илимий билимдерди колдонуу менен аныктоого болгон жөндөмдүүлүк.

Ал тыянактар курчап турган дүйнөнү, адам баласынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келип чыккан андагы өзгөрүүлөрдү түшүнүү жана тийиштүү чечимдерди кабыл алуу деп түшүнөбүз.

Полный текст