Токтоназаров А. Б.

    Жалилова Г.Т., Токтоназаров А.Б.,
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ ҮЙ ЧАРБАЛАРДЫН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО
Страницы:228-234      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-228-234

Климаттын өзгөрүү шартында агротокойчулук негизги ролду ойнойт. Үй чарбасында агротокойчулукту өнүктүрүү – Жаңы-Жол аймагынын тургундары үчүн абдан маанилүү. Демек, бул изилдөө 2024 жылдын жаз айында  ушул аймактагы  үй чарбалардын натыйжалуулугун баалоо максатында жүргүзүлдү. Талаа иштери 6 айылда жүргүзүлүп, сурамжылоого 62 респондент жана фокустук группадагы талкууга 8 дыйкан катышты.

Анализдин жыйынтыгында, бардык айылдарда бирдей деңгээлде айыл чарба жана мөмө берүүчү дарак жана бадал өсүмдүктөрүн өстүрүшөт. Кокон гиласы (23%) жана кара өрүктүн (25%)  мөмөлөрү экономикалык жактан пайдалуу болуп, калк арасында ушул түрлөрдү өстүрүүгө  суроо талап жогору. Андан сырткары, малина  жана кулпунай (15%) массалык түрдө өстүрүлүп, алардан жакшы киреше таап жатышкандыгы аныкталды.

Климаттын өзгөрүү процесси боюнча калктын түшүнүгү ар түрдүү. Көпчүлүк респонденттер үчүн бул процесс- кургакчылыктын көбөйүшү жана  температуранын жогорулашы (80 %-60%), жаан-чачындын туруксуздугу,  вегетациялык сезондун өзгөрүшү жаздагы үшүктүн көп болушу (55%-60%) катары түшүндүрүлдү.

Андан сырткары,  сугат суунун жетишсиздиги, топурактын асылдуулугунун төмөндүгү жана агротехникалык билимдин аксап жаткандыгы негизги көйгөйлөр экендиги талкууланды. Бул кемчиликтерин жоюу жана элдин жашоосун жакшыртуу максатында окутуу демилгелери сунушталды.  Бул окутуулар  жергиликтүү тургундарды жана дыйкандарды климаттык өзгөрүү шартына ылайыктуу жана заманбап айыл чарба технологиялары боюнча керектүү компетенцияларды камсыз кылууга багытталышы керек. Мындан тышкары, азык-түлүк нарк чынжырчасы боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу үй чарбасынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн  жогорулатат.

Полный текст