Заркунов М. А.

    Заркунов М.А.,
КЫРГЫЗСТАНДЫН МОНУМЕНТАЛДЫК СКУЛЬПТУРАСЫ АЙКЕЛЧИ, ПЕДАГОГ СЫДЫКОВ Б.К.
Страницы:10-17      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-10-17

Бул макалада автор дүйнөлүк маданияттын тарыхында монументалдык скульптуранын орду жана анын маанисин кыскача баяндап, талдоо жүргүзгөн. Тарыхта пайда болуп, кайра жок болуп кеткен улуу мамлекеттерде монументалдык көркөм өнөрүнө зор маани берип, анын пайдалана билишкедиги айтылат. Кийин пайда болуп, калыптанган мамлекеттер дагы мындай таасирдүү көркөм өнөрдүн түрүн көңүлдүн сыртында калтырышкан эмес. Мындай мамилени кыргыз жеринде, совет бийлиги орногондон баштап байкоого болот.

               Кыргыз монументалдык скульптурасындагы совет мамлекетинин ролу, тийгизген таасири тууралуу айтылып, көркөм өнөрдүн бул түрүнүн коомго болгон таасири чагылдырылган. Республикабыздагы айкелчилердин монументалдык чыгармалары кыскача берилип, алар борбор калаабыздагы даректери көрсөтүлгөн. Ошолордун арасынан Базарбек Сыдыковдун чыгармачылык жолу, өзгөчөлүгү жана анын педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу сөз болгон.

            Базарбек Сыдыковдун  жасаган ар бир монументалдык чыгамаларына талдоо жүргүзүлүп, алардын көркөмдүк жана эстетикалык баалуулугуна баа берилген. Базарбек Сыдыковдун жумуштуарынын архитектуралык жана айлана-чөйрөдөгү башка объекттер менен болгон байланышы жана айкалышы, гармониялуулугу сыпатталып, сүрөттөлүп берилген. Бул инсандын педагогикалык ишиндеги жетишкендитери жана зор тажрыйбасы тууралуу кенен баяндалып, маани берилген. 

Полный текст