Усупова Н. С.

    Усупова Н.С., Карагулов Т.Н.,
ААЛАМДАШУУ ШАРТТАРЫНДАГЫ БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН КЫЗМАТТАШТЫГЫ
Страницы:280-286      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-280-286

Ааламдашуу шарттары  кылымдар бою калыптанган жалпы тарыхка, каада-салттарга жана үрп-адаттарга чакырыктарды, ал эми,  региондогу мамлекеттердин ортосунда ички карама-каршылыктар ды,   коркунучтарды пайда кылууда. Советтер Союзу таркатылгандан кийин Орто Азия өлкөлөрүнүн аймактык интеграциясы «бирдиктүү коомдук-саясий идеалга – бирдиктүү материалдык жана руханий баалуулуктарга ээ бирдиктүү жана бөлүнгүс Борбордук Азияга» карай жол деген идеянын алкагында жүрүүдө деген пикирди чагылдырган. Интеграция региондогу мамлекеттердин өздөрү үчүн өтө маанилүү. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык саясий, социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдүн комплексин чечүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдүболоору белгиленген.

Автор белгидегендей, мамлекеттердин интеграциясынынзарылчылыгы трансчегаралык мүнөздө болгон эл аралык терроризмдин, диний экстремизмдин, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн, мыйзамсыз курал-жарак жүгүртүүнүн, эл аралык кылмыштуулуктун жаңы коркунучтарынын жалпылыгы менен шартталган.Ал эми, жалпысынан,  мамлекеттердин  кызматташуусунун бардык спектрин бекемдөөнү өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун эң маанилүү куралы катары аймактын шарттарында ар тараптуу диалогдун негизинде маселелерди чечүүнүн бирден-бир жана альтернативалуу жолу экени белгиленген.

Полный текст