Ысманова Г. А.

    Өзербаш М.А., Ысманова Г.А.,
ӨСПҮРҮМДӨРГӨ БАГЫТТАЛГАН “КИБЕР ЗОМБУЛУК” ШКАЛАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ
Страницы:145-151      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-145-151

Изилдөөнүн максаты- өспүрүмдөрдүн кибер зомбулук деңгээлин аныктаган жарактуу жана ишенимдүү шкала иштеп чыгуу. Берилген максаттын негизинде изилдөө жасалып, 15 пункттан турган жарактуу жана ишенимдүү шкала иштелип чыккан. Ачыктоочу фактордук анализдеринин жыйынтыгында эки пункттун фактордук жүктөрү 0.40тан төмөн болгон эки пункт (1, 3) шкалага олуттуу салым кошо албагандыктан шкаладан чыгартууга чечим чыгарылган.  Калган пункттардын фактордук жүктөрү 0.65 менен 0.86 арасында алмашканы белгилүү болгон. Пункттар жалпы дисперсиянын 58.06%ын ачыктаган. Тастыктоочу фактордук анализинин натыйжасында пункттардын фактордук жуктөрү 0.61ден 0.88ге чейинки аралыктагы фактордук жүктөргө ээ экени табылган. Ачыктоочу фактордук анализ менен тастыктоочу анализдеринин фактордук жүктөрүн салыштырган учурда бир-бирине жакын фактордук жүктөр табылган. Бул маалымат ачыктоочу фактордук анализинин натыйжаларынын тууралыгын тастыктоочу фактордук анализинин жыйынтыктары тастыктап турат. Тастыктоочу фактордук анализинин жыйынтыгында ылайыктуулук индекстери болгон RMSEA:0.08, CFI:0.90, AGFI:0.85, TLI:0.92, IFI:0.93, NFI:0.92 болуп табылып, кабыл алына турган деңгээлдердеги ылайыктуулуктарды көрсөткөн. Фактордук анализдеринин жыйынтыктарынын негизинде шкаланын конструкдивдик валиддүүлүгүнүн ишенимдүүлүгү тастыкталган. Шкаланын ички ырааттуулугун текшерүү максатында Cronbach’s Alphaанализи жасалган. Шкаланын жалпы ички ырааттуулугу 0.94 болуп аныкталып, жогорку деңгээлдеги ички ырааттуулук аныктлаган. Жасалган фактордук анализдеринин жана ички ырааттуулук анализдеринин негизинде шкаланын өспүрүрүмдөр арасында кибер зомбулук деңгээлин аныктоочу ишенимдүү жана жарактуу шкала иштелип чыкканы аныкталган.

Полный текст