Матеева А. Р.

    Сейдекулова К.С., Турусбекова А.Э., Матеева А.Р.,
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН КЕБИН ӨСТҮРҮҮНҮН МАКСАТЫ, МАЗМУНУ ЖАНА ШАРТТАРЫ
Страницы:199-205      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-199-205

макалада кенже курактан баштап, бөбөктөргө тарбия, билим берүүнү учурдун талаптарына жараша өркүндөтүүдө баланын  эне тилинде сүйлөө кебин өстүрүү чоң мааниге ээ экендиги илимий изилдөөлөр аркылуу негиздүү берилет.  Максаты жаш курактарына ылайык ар бир баланын сөздүгүн байытуу, өз эне тилинде байланыштуу сүйлөө кебин өркүндөтүү аркылуу мамлекетибиздин баардык региондорунда мектепке чейинки билим берүүнүн баардык балдар үчүн жеткиликтүүлүгүн  жана сапатын камсыздоо. Баланын байланыштуу кебин калыптандырууда үй-бүлөөдө бала менен  өз эне тилинде баарлашуу, эрте жашынан алардын сөз байлыктарын байытуу, байланыштуу сүйлөө жөндөмдүүлүктөрүн туура калыптандыруучу чөйрөнү түзүү керектиги айтылат.“Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо” стандартынын талаптарына ылайык балдардын кеп маданиятын калыптандыруу ишмердүүлүктөрү  бакчада системалуу уюштурулганда,  педагогикалык шарттар түзүлгөндө гана балдардын кебин жаш курактарына ылайык өркүндөтсө болору берилген.

Полный текст