Амираева Л. А.

    Амираева Л.А.,
КЫРГЫЗДЫН БОЗ ҮЙҮ ЖАНА АНЫН ДҮЙНӨЛҮК МАДАНИЯТТЫН АЛКАГЫНДАГЫ ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
Страницы:292-295      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2021-2-292-295

Макалада кыргыз улуттук көркөм кол өнөрчүлүгүнүн тарыхы, басып өткөн жолу, маданияты, улуттук баалуулуктары, материалдык жана руханий байлыгы болгон боз үй жөнүндө сөз болот. Боз үйдү жасоонун технологиялык жолдоруна, ыкмаларына кеңири токтолуп, ар бир бөлүктөрү боюнча кеңири маалымат айтылат. Мындан сырткары кыргыз элинин боз үйү туралуу айткан илимпоз-окмуштуулардын илимий - философиялык ой толгоолору, макал-лакаптар камтылып, жаштарды жана мектеп окуучуларын жогорку рухта тарбиялоодо элдик көркөм колдонмо – жасалга өнөрүнүн орду туралуу сөз болот.

Полный текст

    Амираева Л.А.,
КИЛЕМЧИЛИК ЖАНА КИЛЕМ ТОКУУНУН ТЕХНОЛОГИЯСЫ
Страницы:252-255      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-252-255

Макалада кыргыз көркөм кол өнөрчүлүгүнүн бири түрү болгон килемчилик жөнүндө сөз болуп, анын пайда болушу, тарыхый жактан калыптанышы, өзгөчөлүктөрү, аймактардагы килем токуунун түрлөрү жана сырлары ага түшүрүлгөн көчөтоюмдардын чечмеленип аталыштары, токуу технологиясы жазылды. Көркөм өнөр багытында билим алып жаткан студенттерге, унутулуп бара жаткан бул өнөрдү, «Көркөмжасалга өнөрүнүн технологиясы» сабагында, программага тема катары киргизип аларга үйрөтүү сунушталат.

Полный текст

    Амираева Л.А.,
ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕ КӨРКӨМ СΥРӨТ ИСКУССТВОСУН ОКУТУУДАГЫ КӨЙГӨЙЛΥΥ МАСЕЛЕЛЕР
Страницы:303-307      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-303-307

Макала жалпы билим берүүчү орто мектептердеги көркөм сүрөт искусствосун заманбап окутуунун айрым көйгөйлүү маселелерине арналган. Көркөм сүрөт искусствосун окутуунун башкы милдеттеринин бири – мектеп окуучуларынын көркөм, чыгармачыл, элестүү ой жүгүртүүсүн пландуу, системалуу өнүктүрүү, көркөм сүрөт искусствосун мектеп предмети катары гана эмес, жалпы адамзаттын маданияттынын феномени катары кабыл алуу. Көркөм чыгармачылыкты аң-сезимдүү өздөштүрүү теориялык да, практикалык жактан да балдардын чыгармачылык жөндөмүн, дүйнө таанымын, тапкычтыгын, жана эч кимге окшобогон ой жүгүртүү логикасын өнүктүрөт. Мектептеги көркөм сүрөт искусствосу — бул максат эмес, чыгармачыл инсанды тарбиялоонун каражаты катары иштеши керек. Көркөм сүрөт искусствосу окуучуга бүгүнкү күндө аны кызыктырган суроосуна жооп табууга жардам берүүгө тийиш. Заманбап инсан кандай болушу керек? Азыркы коом кандай көркөм эстетикалык баалуулуктар менен жашайт? Көбүнчө искусство аркылуу эстетикалык тарбия берүүгө болгон мамиле активдүү мүнөзгө ээ эмес, ой жүгүртүүгө багытталган. Ошондуктан жогорку, орто окуу жайлардын жана жалпы билим берүүчү мектептерде болочок мугалим изилдеген көркөм сүрөт искусствосунун окуу планын, программаларын баскычтар менен олуттуу жаӊылоо зарылчылыгы бар. Азыркы учурда мектепке мурда болуп көрбөгөндөй салмактуу, жакшы ойлонулган заманбап көркөм билим берүү системасы керек экени туралуу жазылды.

Полный текст