Атикол Бурхан Умур

    Атикол Б.У.,
ДҮЙНӨНҮН ТИЛДИК СҮРӨТҮН ЧАГЫЛДЫРУУДА САНДЫК СИМВОЛИКАНЫН РОЛУ
Страницы:21-25      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-21-25

Макалада талдоого алынган иллюстрациялык материалдар кыргыз тилинде сан концептин өзүнчө бөлүүгө негиз бар экендигин көрсөттү. Анткени, сан - дүйнөнүн 22 тилдик сүрөтүн чагылдыруудагы негизги мазмундук бирдик болуп саналат. Кыргыздардын дүйнөнүн тилдик сүрөтүндө сандардын өзгөчө символикалык маанилери бар экендигин тилдеги фактылар жана маданий салттар далилдей алат. Буларга биринчи кезекте фразеологизмдер жана элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү кирет. Көпчүлүк учурда сандардын мындай контекстте колдонулушу символикалык мүнөзгө ээ болот.

Полный текст

    Атикол Б.У.,
САНДАРДЫН СИМВОЛ КАТАРЫ ИЗИЛДЕНИШИНИН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕР
Страницы:25-30      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-25-30

Ар бир маданиятта дүйнөнүн улуттук сүрөтү универсалдык түшүнүктөрдөн турат. Мындай универсалдык түшүнүктөрдүн бири – сан. Сан философиялык категория катары логикалык, улуттук-маданий жана мифологиялык өзгөчөлүктөргө ээ. Ошол себептен, сан философиялык категория катары алгач философтор тарабынан изилденген. Ал эми тилчи-окумуштуулар сандардын сакралдык маанилерин көӊүл чордонуна алуу менен, алардын мифологиядагы жана элдик оозеки чыгармачылыктагы ролун улуттун менталитети, дүйнөтаанымы менен байланышта иликтөөгө алышкан. Азыркы тил илиминдеги этнолингвистикалык жана лингвокультурологиялык багыттагы эмгектерде сандык символиканы дүйнөнүн тилдик сүрөтүнүн фрагменти, тил менен маданияттын тыгыз карымкатышынын жыйынтыгы катары каралышы болуп саналат. Бул эмгектерде сандар фразеология, дүйнөнүн тилдик сүрөтү, этномаданий лексиканын алкагында изилденген. Демек, түркологияда сандык символика дагы изилдөөнү талап кылган маселелердин бири.

Полный текст

    Атикол Б.У.,
ЛИНГВОМАДАНИЯТ ТААНУУНУН КАЛЫПТАНУУ ЭТАПТАРЫ
Страницы:269-274      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-4-269-274

Тил илими коомдук илим катары биринчи кезекте философия, тарых, адабияттаануу, социология, маданият таануу сыяктуу коомдук-гуманитардык илимдер менен тыгыз байланышкан. Тил илиминин башка илимдер менен тыгыз карым-катышынын натыйжасында тилдин коомдук кубулуштар менен болгон байланышын изилдеген чектеш илимдер жана ушуга ылайык илимий дисциплиналар келип чыкты. Мына ошондой чектеш илимий дисциплиналардын бири - лингвомаданият таануу болуп эсептелет. Лингвомаданият таануунун илим катары калыптанышында үч этапты бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) биринчи этапта бул илимдин негиздери пайда болгон; 2) экинчи этапта лингвомаданият таануунун өз алдынча илим катары изилдөө чөйрөсү так аныкталган; 3) 2000-жылдар лингвомаданият таануунун чектеш илимий дисциплина катары калыптанышынын үчүнчү этабын түзөт.

Полный текст