Садыкбек кызы Жайна .

    Садыкбек кызы Ж...,
МАР БАЙЖИЕВ ЖАНА КЫРГЫЗ ДРАМАТУРГИЯСЫ
Страницы:134-138      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-134-138

Макалада Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин кыргыз драматургиясындагы орду жана анын сүрөткер катарындагы жаңылыктары, көркөмэстетикалык ачылыштары жана стилдик өзгөчөлүктөрү кыргыз драматургиясынын тарыхый өнүгүү контекстинде каралат жана анализге алынат. Макалада М.Байжиевдин 1961-жылы басылып чыккан алгачкы аңгемелер жыйнагындагы “Эрөөл” аттуу пьесасынан тартып, кийинчерээк жарык көргөн “Балдар бойго жеткенде”, “Төрт адам”, ”Эр намысы”, “Ар бир үйдө майрам”, “Кыз-күйөө”, “Узак сапардагы поезд” пьесалары тууралуу сөз болот жана ошол чыгармалардагы каармандардын ички драмасын сезимин, психологиясын, алардын кубанычтан, өкүнүчтөн атып чыккан эмоциясын мыкты ачып берүүгө жетишкендиги жана анын пьесаларынын чейин дүйнө элдеринин театрларында азыркы учурга коюлуп келгендиги тууралуу маалымат берилет. Драматургдун улуттук драма өнөрүнүн турмушту сүрөттөөдө даяр нормаларды эмес, турмуш реалдуулугун жалпылаган көркөм типтерден индивидуалдуу мүнөздөрдү чагылдырууга карай жол тартканы «Узак сапардагы поезд» аттуу сахнадан алынып, коюуга тыюу салынган драмасы тууралуу, «Эр намысы» аттуу комедиясында автордун жазуу стили, диалогдорду, каармандардын речтерин чебер куруусу жана комедиялык сюжеттер, аларды табигый өнүктүрүүсү тууралуу сөз да болот жана Мар Байжиевдин кыргыз драматургиясындагы орду анын контекcтинде анализделип көрсөтүлөт. 

Полный текст