Анарбекова М .

    Осмонова С.К., Анарбекова М...,
БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛООДО САЛТТУУ КЫРГЫЗ ҮЙ-БҮЛӨНҮН РОЛУ
Страницы:343-348      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-343-348

Бул макалада талаа материалдардын жана булактардын негизинде баланы тарбиялooдo салттуу кыргыз үй-бүлөнүн рoлу изилденди. Oшoндoй эле кыргыз элинин көп жылдар аралыгында тoптoлгoн билими жана практикалык oпыты өсүп келе жаткан муунга берилиши каралган. Негизги максат болуп салттуу тарбиялоонун спецификалык өзгөчөлүктөрүн жана үй-бүлөнүн тарбиялоодогу ролун мүнөздөп берүү болгон. Бул изилдөөнүн үстүндө иштөөдө төмөнкүдөй методикалык иштер жүргүзүлдү: салттуу үйбүлөнүн тарбиялоодогу ролу боюнча этнографиялык материалдарды талдоо; Улук информаторлор менен баарлашуулар жана интервьюлар;үй-бүлөнүн салттуу тарбиясындагы жалпы жана өзгөчө сапаттарды аныктоо үчүн салыштырма талдоо. Жыйынтыгында тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду, тарбияга байланыштуу көптөгөн макал-лакаптар, накыл сөздөр баяндалган. Үй-бүлөдөгү улуу муундун, балдарды тарбиялоодо (чоң ата, чоң энелер, ата-энелер, агалар, эже-сиңдилер) ролу чоң болгондуктан, улуу муундарды сыйлоого, урматтоого байланыштуу көптөгөн мисалдар табылган.

Полный текст

    Анарбекова М...,
СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТЕРИН УЮШТУРУУНУН ФОРМАЛАРЫ
Страницы:50-53      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-50-53

Илимдин өсүшү окуутунун азыркы учурдагы мазмуну ар бир окуучунун максималдуу өнүгүшүнө багытталган. Ал эми мугалим болсо окуучуларды окутуу менен ар бир студентке программа тарабынан көрсөтүлгөн билимдердин толук көлөмүн рационалдуу кабылдоого, ой жүгүртүүгө үйрөтөт Мектептеги реформа мугалимдердин алдына физиканы окутууда практикалык багыт алуу маселесин койгон. Бул маселени чечүү үчүн: илимдин негизинде бекем жана толук билимдерди камсыз кылуу; окуучуларды жаратылышты таанып билүүнүн негизги методдору – байкоолор жана эксперименттер менен тааныштыруу; аларды жаратылыштагы жана техникадагы физикалык кубулуштарды, закон ченемдүүлүктөрдү таанып билүүгө үйрөтүү жана студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу керек

Полный текст