Токоева Г С

    Токоева Г. .,
«ЧЫГЫШ-БАТЫШ» ФИЛОСОФИЯЛЫК ПРОЕКЦИЯСЫНДАГЫ АДАМ ФЕНОМЕНИ
Страницы:445-451      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-445-451

Адам болушунун техногендүү жана социомаданий формаларын камтыган глобалдуу дүйнөнүн калыптанышы “Чыгыш” жана “Батыш” деп аталган планетардык полюстардын жакындашуусун жана өз ара карым-катнаш маселесин актуалдаштырууда. Бул эки маданияттын көп түрдүүлүгүн сактоо менен, ааламдашуу жаңы маданий активдүүлүктү жогорулатуу жана руханий баалуулуктарды жайылтуу идеясын коюуда. Аталган эки цивилизациянын карым-катнашын талдоо илимдин бир нече тармагынын окумуштууларын өзүнө тартууда. Бул бир жагынан интеграция маселесин койсо, экинчи жагынан дүйнөнүн фрагментардуулугун көрсөтүүдө. Цивилизациялар аралык мамилелерди изилдөөдө Чыгыш жана Батыш социалдык болмуштун өз алдынча, айырмаланган сферасы катары таанылып келген. Ааламдашуу шартында локалдык, регионалдык цивилизацияларды бөлбөстөн, бирдиктүү жалпы адамзат цивилизациясынын “фрагменти” катары дихотомиялык мамиле жасоо менен изилдөө милдети коюлууда

Полный текст