Абышбаева Астра Айдаралиевна

    Абышбаева А.А.,
КОМПЬЮТЕРДИК ТЕРМИНДЕРДИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ КАЛЫПТАНЫШЫ
Страницы:25-27      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2019-3-25-27

Макалада кыргыз улуттук терминология системаларын түзүү зарылчылыгы жаӊыдан гана өнүгө баштаган илим тармактарынын негиздерин эне тилде окутуу, үйрөтүү, саясий-массалык, адабий жана идеологиялык көз караштарды калайыкка жайылтуу максатында, кыргыз тилинде күндөлүк, жумалык айлык басма сөз булактарын басмадан чыгаруу, окуу куралдарын, программаларды иштеп чыгуу, ар кандай чыгармаларды орус жана  башка тилдерден кыргызча которуу зарылчылыгына байланыштуу туулган.

Полный текст

    Абышбаева А.А.,
КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУДАГЫ АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕР
Страницы:7-9      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2021-3-7-9

Берилген макаладабѳтѳн элге кыргыз тилин үйрѳтүүдѳ элдин адабий, маданий мурастарын кеңири өздөштүрүү менен бирге өз алдынча иштөөгө толук шарт түзүү менен кыргыз элинин жана дүйнө элдеринин асылзат маданий баалуулуктары көркөм эстетикалык рухий, маданий жетишкендиктерин чагылдыруу менен, аларды таанып билүүгө өз алдынча иштөөгө, өз ишин уюштуруп маселелерди чече билууге жалпы билим денгээлдеринин калыптануусуна өбөлгөлөр түзүлөрү каралган.

Полный текст

    Абышбаева А.А.,
СТАНДАРТТУУ ЭМЕС ФОРМАЛАРДЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫН ҮЙРӨТҮҮ
Страницы:9-14      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2021-3-9-14
Бүгүнкү күндѳ сабактын кѳбүрѳѳк натыйжалуулугуна канткенде жетсе болот? Балдардын билимге болгон рухий муктаждыгын, аны өздөштүрүүгө, өркүндөтүүгө болгон каалоону өстүрүүнүн каражаттары кандай? Ушул сыяктуу суроолордун түзүлүшүнө байланыштуу "салттуу эмес билим берүү формалары" деген түшүнүк пайда болду. Жалпы кабыл алынган ченемдерден баш тартууга, өз ыкмаларды издөөгө мезгил келди. Мугалимдин жетектөөчү ролун өзүнө алган салттуу сабак, лингвистикалык материалдарды же адабий чыгармаларды эркин талкуулоого жана түшүнүүгө ыңгайлуу эмес, ар бир студенттин ачылышына мүмкүнчүлүк бербейт жана алардын чыгармачыл өнүгүүсүнүн эң төмөнкү деңгээлге түшүүсүнѳ өбөлгө түзөт. 

Полный текст

    Абышбаева А.А.,
ОРУС ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ САН АТООЧТОРДУН САЛЫШТЫРУУ ТИПОЛОГИЯСЫ
Страницы:7-11      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-7-11

Бул макалада сан атооч сѳз түркүмү каралган. Мындан тышкары сан атоочтордун айрым эрежелери жана орус тилдеги сан атоочтордун кыргыз тилинде айырмасы, ѳзгѳчѳлүгү, ошондой эле айрым окшоштугу аныкталган. Кээ бир сан атоочтордун жѳндѳмѳсү эки тилде кѳрсѳтүлдү. Баардык фактылар орус жана кыргыз тилиндеринде мисалдар менен жабдылган. 

Полный текст