Турусбекова А. Э.

    Сейдекулова К.С., Турусбекова А.Э.,
МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО БАЛДАРДЫН СҮЙЛӨӨ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
Страницы:309-315      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-309-315

Макала балдар бакчасы менен башталгыч мектептин программаларынын ортосундагы улантмалуулук көйгөрлөрүнүн илимий негизде иштелип чыкпагандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү түзүлгөн өзгөчөлүктөр, биринчи класска барган балдардын мектепте окууга болгон даярдыктарына коюлган катуу талаптар, бакча жана үй-бүлө шартында тарбияланган балдардын билим жана көндүмдөрүндөгү айрымачылыктардын мектепке даярдоо проблемасынын учурда өтө актуалдуулугун белгилейт. Алты-жети жаш курактагы балдардын байланыштуу кебин өстүрүү, сабаттуулукка үйрөтүүгө даярдоо, айлана-чөйрө жөнүндө түшүнүктөрүн илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн негизинде калыптандыруу балдарды мектепке даярдоодогу көйгөйлүү проблемалардан экендиги каралган. Мектепке даярдоо окуу-тарбия ишмердүүлүктөрүнүн баардык учурларында өзгөчө баланын өз эне тилиндеги байланыштуу кебин өркүндөтүү, сөздүктөрүн байытуу,тыбыштарды сөздөрдүн арасында туура айттыруу, печатталган тамгалар менен тааныштырып, колдорунун манжаларын калем сапты туура кармап, дептердин бетинде туура багыт алуусуна, жазылган кыска текстерди окууга, байланыштуу кебин өркүндөтүүгө үйрөтүү аркылуу, баланын келечекте сабаттуу болуусуна негиз түзүүдөгү көйгөйлөр каралат. 

Полный текст