Даовлатова Ф М.

    Даовлатова Ф.М.,
ТОПОНИМДЕРДИН ЭТИМОЛОГИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯСЫ
Страницы:38-43      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-38-43

Коомдун өнүгүсүнүнүн алгачкы этаптарында эле адам баласы өзүнүн жашаган жерлерине, айланасындагы жаратылыш обьектилерине ат берүүгө аракет кылган. Көпчүлүк элдер географиялык обьектилерден жерлерди атап, ал жерлердин аттары аталып калган. Энчилүү аттардын тобуна кирген географиялык аталыштардын, топонимика илиминин башаты деп атоого болот. Ар бир улут өз тилинде географиялык обьектилерди атоо менен, жерлерди атап жүрүшүп, алар аныктоочу жер болуп, убакыттын өтүшү менен ал аталыштардын аты турукту болуп калат. Ал түшүнүктүн пайда болушунун себеби анын зарылчылыгы. Топонимияда баштапкы жалпы түшүнүктү кандайдыр бир конкреттүү дарекке байланыштуурунун натыйжасында пайда болот. Бул макалада топонимика илиминин географиялык аталыштарды классификациялоо же топторго бөлүү менен жана тармактарына аныктама берилип мисалдар келтирилди

Полный текст

    Даовлатова Ф.М.,
БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТОПОНИМДЕРДИ КОЛДОНУУ
Страницы:61-65      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-61-65

Макалада мектеп география курсун окуутуда топонимикалык маалыматтарды изилдөө методикасы жөнүндө маалымат берилген. Географиялык аталыштардын келип чыгышы, топонимикалык маалыматтарды окуу процессине киргизүүнүн мааниси каралган. Кандайдыр бир географиялык аталыштардын биринчи жана негизги милдети – объектке ат берүү, аны курчап турган башка бир тектүү объекттерден айырмалоо болуп саналат. Аттарды колдонуу адамдардын ортосундагы байланышты камсыздайт, жазуу жүзүндө баарлашууда объектилерди аныктоого, алар менен ар кандай окуяларды байланыштырууга мүмкүндүк берет. Аттардын (топонимдердин) бул функциялары географиялык фактыларды жана кубулуштарды байланыштыруу, аларды мейкиндик локалдаштыруу үчүн географиялык номенклатураны кеңири колдонгон «мейкиндик» илим катары география үчүн да маанилүү экендигин белгилөө зарыл

Полный текст