Бактыбек кызы Н .
«ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА» – КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ
Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн башкы максаты – бул республикада туруктуу социалдык-экономикалык өсүүгө жетишүү. Ошондой болгондо гана азыркы муун кийинки урпактар үчүн таза Кыргызстанды, таза жаратылышты, таза тоолорду жана өрөөндөрдү, таза сууларды жана көлдөрдү калтыра алат. Бул дүйнөнүн туруктуу өсүүсүнө жана жаратылышынын сакталышына Кыргызстандын кошкон салымы болот.