Алыкулова Г. К

    Алыкулова Г.К.,
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАНА КЫТАЙ: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЧЕК АРА МАСЕЛЕЛЕРИН ЧЕЧҮҮНҮН ТАРЫХЫ
Страницы:149-154      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-149-154

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийини башка актуалдуу көйгөйлөр менен катар Кытай Эл Республикасы менен чек ара маселелерин чечүүгө туура келген. Падышалык Россиядан, андан кийин Советтер Союзунан мурас катары эгемендүү Кыргызстан кыргыз-кытай чек арасындагы бир катар талаштуу аймактарды мурастап, алар чечилбей, чек ара аймактарында чыңалууну жараткан. Кытай тарап менен болгон татаал сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстан 1996 жана 1999-жылдагы макулдашууларга кол коюу менен талаштуу маселелерди чечүүгө жана эки тараптуу негизде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бузулбас линиясын камсыз кылууга жетише алды. Макаланын максаты – өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү учурга айланган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы орчундуу жана актуалдуу чек ара көйгөйүн чагылдыруу жана кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасын жөнгө салуу процессинин тарыхын карап чыгуу.

Полный текст

    Алыкулова Г.К., Масалиева А...,
МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗ ИСКУССТВОСУНУН БИРИНЧИ ДЕКАДАСЫНЫН ТАРЫХНААМАСЫ
Страницы:327-335      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-327-335

Совет бийлигинин жылдарында Кыргызстанда улуттук профессионалдык искусство жаралып, классикалык профессионалдык чыгармачылыктын таптакыр жаны жанрлары жана формалары туулуп, калыптанды. 1939-жылы Москвада кыргыз искусствосунун биринчи декадасы болуп, анда Кыргызстандын жаш таланттарынын алгачкы жетишкендиктери москвалык көрүүчүлөргө тартууланган. Буга байланыштуу, ал ар тараптуу терең изилдөөнү талап кылган тарыхый өткөндүн жаркын барактарынын бири болуп калды. Макалада кыргыз искусствосунун Москвадагы биринчи декадасынын окуяларын камтыган адабияттарга тарыхнаамалык талдоо берилген, бул социализм доорундагы кыргыз элинин өткөнүнө объективдүү баа берүүгө мүмкүндүк берет. Проблеманын тарыхнамасы декадада басылып чыккан адабияттарды да, андан кийинки мезгилде жарык көргөн адабияттарды да камтыйт.

Полный текст