Урманбетова Ж К.

    Урманбетова Ж.К., Суйунова М.Д.,
ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН ДООРУНДАГЫ «МЕН» МАСЕЛЕСИ
Страницы:309-314      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-309-314

Заманбап технологиялар өнүккөн сайын адамдын “мен” маселеси да курч суроого айланууда. Заманбап технологиялардын дооруна чейин адамдар реалдуулукту өздөрү таанып, өздөрү баалап келгендиктен, адамдын бул дүйнөдөгү ээлеген орду жана адам-дүйнө мамилеси да адамдын таанымына жараша аныкталып келген. Бардык философиялык ой жүгүртүүлөр, адамдын чыгармачылыгы, адептүүлүк мыйзамдары адамдын гана баа берүүсү менен өнүгүп келген. Ал эми заманбап технологиялардын өнүгүүсү менен бирге, дүйнөнү таанунун адамдыкынан башка жолдору бар экендиги ачыкка чыгууда. Заманбап технологиялардын жардамы менен дүйнө таануу, реалдуулукту изилдөө жана аны кабыл алуу мүмкүнчүлүгү адамдын дүйнө таанымынан, изилдөө ыкмасынан, кабыл алуусунан кыйла кеңири, кыйла терең экендиги аныкталууда. Демек, технологиялардын өнүгүү траекториясы менен адамдын “мен” маселеси терең байланышта каралуусу зарыл болууда. Бул болсо жеке адам, жалпы коом, философия жана келечек үчүн негиздүү маселелердин бирине айланууда. Азыркы технологиялардын таасири алдында адамдын “мен” маселеси жаңы өңүттөн каралып, өзүнчө изилдөөлөрдү талап кылууда. Мындан улам, бул макалада учурдагы тенденциялардын негизинде адамдын “мен” маселесине философиялык жана социалдык өңүттөн кароо аракети жасалды.

Полный текст