Узакова М К.

    Узакова М.К.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА (3–4-КЛАССТАРДЫН МИСАЛЫНДА) МАТЕМАТИКА САБАГЫН ОКУТУУНУН ЖАҢЫЧА МЕТОДДОРУ
Страницы:206-209      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-206-209

Башталгыч класстарда математика предметин окутууну кызыктуу жана окуучуларга жеңил формада жеткирүү, оюн формасындагы көнүгүү жана мисал-маселелер аркылуу окуучулардын көңүлүн сабакка буруу. Биздин иште айтылып кеткен математика сабагында колдонуучу ыкмалар жана тапшырмалар окуучулардын практикалык жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн, билимди колдоно билүүгө, жеке долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет. Математиканы окутууда санариптешүү, глобалдашуу процессинин негизинде кенже класстын окуучуларына сабакты кызыктуу, жеткиликтүү кылып сабак өтүү, заманбап сабактын негизги милдеттери, азыркы математика сабагынын жаңычылдыгы жөнүндө сөз болот. 

Полный текст

    Узакова М.К., Казиева Г.К.,
СТУДЕНТТЕРДИН МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМДЕРИНДЕГИ МҮЧҮЛҮШТҮКТӨРДҮ ЖОЮУНУН ЖОЛДОРУ
Страницы:201-205      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-201-205

Бул макалада студенттердин билимдериндеги мүчүлүштүктөрдү жоюунун кээ бир жолдору берилген. Б. Блумдун таксаномиясын математика сабагында колдонуунун жолдору сунушталган, ошондой эле чыгармачыл ой жүгүртүү чөйрөсүн уюштурууга жана аларды таанып билүү процессин башкарууга багытталган сабактарда окутуунун методдорунун бир мисалы жөнүндө айтылган. Ошондой эле математиканы окутуу процессинде жекече мамиле айрым студенттерге гана жасалбастан, айрым студенттердин группаларына да ылайыкталып уюштурулушу мүмкүндүгү, окутуу процессинде студент билим өздөштүрүүдө кабыл алуу, түшүнүү, эсте тутуу жана колдонуу баскычтарынан өтүшөөрү айтылган. Ошондуктан сабакта ар бир студенттин бул баскычтарды өтүүдөгү психологиялык өзгөчөлүгүн эске алуу зарылдыгы айтылат

Полный текст

    Казиева Г.К., Узакова М.К.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА АРИФМЕТИКАЛЫК АМАЛДАРДЫ АТКАРУУГА КАРАТА КЭЭ БИР СУНУШТАР
Страницы:82-88      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-82-88

Эсептөө жөндөмүн жана көндүмдөрүн калыптандыруу башталгыч математиканын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Эсептөө жөндөмү эсептөө техникасын өздөштүрүүнү камтыйт. Ар кандай эсептөө техникасы операциялардын ырааттуулугу катары көрсөтүлүшү мүмкүн, алардын ар биринин аткарылышы белгилүү бир математикалык түшүнүк же касиет менен байланышкан. Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, башталгыч мектепти бүтүрүүчүлөрдүн бардыгы эле амалдарды аткаруу алгоритимдерин өздөштүрүп чыгышпайт. Андыктан, бул макалада мектеп жашындагы балдардын математикалык жөндөмдүүлүгү жана алардын сабак учурундагы иш аракети жөнүндө сөз болот. Макалада окуучулардын эсептөө көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча арифметикалык амалдарды аткарууга карата кээ бир сунуштар берилди. Конкреттүү темага карата сабактын фрагменти берилди, арифметикалык амалдарды аткаруунун ар кандай жолдору мисалдардар менен көрсөтүлдү. Окутуунун активдүү методдорун колдонуп сабакты уюштурууда мугалимдин иш аракети баяндалды. Математика сабагындагы кээ бир математикалык түшүнүктөрдү, балдарга жеткиликтүү түшүндүрүүнүн кээ бир жолдору каралды.

Полный текст