Темирбаев М М.

    Темирбаев М.М.,
“АТОМДУН МОДЕЛДЕРИ” ТЕМАСЫН ОРТО МЕКТЕПТЕ ОКУТУУНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ
Страницы:179-182      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-179-182

Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2020-жылга чейин өнүктүрүү концепциясында, жаңы муундагы стандарттарды иштеп чыгуу, ага жараша билим берүүнүн мазмунун жана окутуу методикасын жаңылоо маселеси каралган. Бул концепция «2018-2040- жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына» толугу менен шайкеш келет. Кванттык физика азыркы технологиялардын негизин түзөт. Бул бөлүмдүн материалдары абстрактуу келип, элестетүүгө жана түшүнүүгө татаал. Бул бөлүмдү окутуунун методикасы Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да толук изилденбегендиктен, илимий жактан тастыкталган жеткиликтүү сунуштардын саны өтө эле аз. Бул макалада орто мектепте атомдун моделдери жана алардын эксперименталдык негизделиштери боюнча заманбап компьютердик технологияларды пайдаланып сабак өтүүнүн методикасы каралаган. Дж. Томсондун атомдун түзүлүшү боюнча модели аркылуу теманы баштап, андай кийин Э. Резерфорд жана анын шакирттери тарабынан жүргүзүлгөн тажрыйбанын Flash технолгиясынын негизинде түзүлгөн компьютердик моделинин жардамында демонстрациялап окуучуларга түшүндүрүү маселеси каралган

Полный текст