Халбаева А .

    Эсенгулова М.М., Акимбекова А..., Сыйдалиева С..., Халбаева А..., А...,
МУГАЛИМДИН САНАРИПТИК ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН ИШКЕ АШЫРУУГА ДАЯРДЫГЫН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ПЕДАГОГИКАЛЫК ШАРТТАРЫ
Страницы:422-430      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-422-430

Кыргыз Республикасында 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы»1 деп жарыяланган. Ал эми 2020-жылы бүт дүйнө жүзүндө пандемия2 жарыяланды. Бул эки окуя билим берүү тармагында санариптештирүү маселесин чечүүдө өзгөчө маданиятты калыптандырды. Пандемия шартында мугалимдердин алдына өтө орчундуу милдет коюлду – кыска мөөнөттө окуу-тарбиялоо процессин үзгүлтүккө учуратпастан онлайн режимде сабак өтүү. Мугалимдер заман менен шайкеш болуу убакыттын чакырыгын, талабын кабыл алышып, окутуу процессинде жаӊы технологияларды (Zoom, WApp, Телеграмм жана башка платформалар) ийгиликтүү өздөштүрө башташты. Макаланын авторлору – 1 курстун магистранттары, педагогика илимдеринин кандидаты, М.М.Эсенгулованын жетекчилиги астында «Илим жана билим берүүнүн заманбап проблемалары» дисциплинасынын алкагында өз алдынча сунушталган тема боюнча изилдөө ишин жүргүзүшүп, жыйынтыгын макала иретинде сунушташууда. Изилдөө ишинин констатациялоочу этабына төмөнкү милдеттер коюлган: 1) мугалимдин санариптик окутуу технологияларын ишке ашырууга даярдыгын калыптандыруунун педагогикалык шарттары боюнча кыргызстандык, чет өлкөлүк булактарды изилдөө жана талдоо; 2) автордук анкета иштеп чыгуу жана сурамжылоо жүргүзүү; 3) изилдөөнүн жыйынтыгын чыгаруу жана макала түрүндө жазуу.

Полный текст