Догдурбек Назар .

    Догдурбек Н..., Бейшенова А.Т.,
КЫРГЫЗ КООМУНДАГЫ «СОЦИАЛДАШТЫРУУ» ЖАНА «СОЦИАЛДЫК ЖООПКЕРЧИЛИК» МАСЕЛЕЛЕРИ
Страницы:427-431      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-3-427-431

Макалада социалдаштыруу маселеси жана азыркы шартта мамлекеттин функциялары чектелип, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө жол ачылып турган системада ишкердиктин коом астындагы жоопкерчилигинин, социалдаштыруу процесстериндеги ролунун абдан актуалдуулугу белгиленет. Мындай коомдук мааниси жогору маселелерди социалдык-философиялык анализге алууга, категориялык аппаратын тактоого аракет жасалат. Коомдук өзгөрүүгө социалдаштыруу процесинин, социалдык жоопкеричиликтин (айрыкча жеке ишкерлердин) тийгизген таасири боюнча ой жүгүртүлүп, маселе белгилүү окумуштуулардын көз караштарын, теорияларын талдоонун негизинде изилденген. 

Полный текст

    Догдурбек Н..., Бейшенова А.Т.,
ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙДА КАДРЛАРДЫ ДАЯРДООДОГУ КООМДУК ГУМАНИТАРДЫК БИЛИМДИН МААНИСИ ЖАНА ФУНКЦИЯЛАРЫ
Страницы:432-436      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-3-432-436

Макалада педагогикалык кадрларды даярдоодо, алардын руханий социалдык деӊгээлин калыптандыруу процессинде коомдук-гуманитардык билимдердин ролу, мааниси, функциялары каралган. Азыркы цивилизация инсандын профессионалдык кесип алуу процессиндеги интеллектуалдык компонент мобилдүү жана динамикалуу болуусун талап кылууда. Коомдук-гуманитардык илимдери ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгүн, кругозордун кеӊ болушун, көп кырдуулугун, интуитивдик, эмоционалдык-сезимдик, визуалдык-образдуу жана логикалык ой жүгүртүү багыттарын калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Интеллектуалдык-руханий жактан жогорку деӊгээлдеги, активдүү жана чыгармачыл кесиптик деӊгээли бийик, алдыӊкы ой жүгүртүүсү бар адис гана учурдагы коомдогу социалдык мамилелердин өнүгүүсүнө ылайык келген кесиптик ишмердүүлүктү жүргүзө алат.

Полный текст