Бекбоева А. К.

    Бекбоева А.К., Акимова К...,
СОЦИАЛДЫК ЧЫҢАЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИ
Страницы:248-254      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-1-248-254

Бул макалада авторлор   коомдо объективдүү түрдө ар кандай социалдык карама-каршылыктардын негизинде пайда  болгон коомдук   факторлордун  бири   социалдык чыңалуу  түшүнүгүн талдоого алышкан. Авторлордун пикири боюнча социалдык чыңалуу  ар кандай социалдык субъекттердин баалуулуктарынын, кызыкчылыктарынын жана керектөөлөрүнүн дал келбегендигинин натыйжасында келип чыккан канааттанбоочулукка негизделген калктын социалдык-экономикалык абалы катары белгилешкен. Социалдык чыңалуунун көптөгөн себептерин, өнүгүү этаптарын, анын жоюу жолдору аныкталган. Бишкектин четиндеги жаны конуштардын социалдык-экономикалык, маданий абалдарынын төмөндүгү социалдык чыңалуунун негизги факторлорунун бири катары тастыкталган. Ошондуктан өкмөт тарабынан социалдык чыңалууну  болтурбоо   боюнча социалдык-экономикалык, маданий керектөөлөрдү камсыздоо милдеттерди ишке ашыруунун негизги механизмдерин иштеп чыгышы зарыл.

Полный текст

    Бекбоева А.К., Мамытов Б...,
КЫРГЫЗСТАНДА МУСУЛМАНДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ
Страницы:32-38      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-1-32-38

Бул макалада авторлор учурдагы кыргызстандык коомундагы светтик жана диний билим берүү системасындагы  окуу программаларынын өзгөчөлүктөрүн талдоого алган. Негизги  көйгөйлөрдүн  бири катары   Кыргызстандагы диний окуу жайларынын предметтик стандартарын өзгөртүүзарылдыгы тастыкталып, диний  билим беруу мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүмусулман интеллигенциясын калыптаныщына өбөлгөболоору белгиленген. Макалада чет элдик тажрыйбанын негизинде Кыргызстанда  диний билим берүүнүн үч негизги модели бар экенин көрүүгө  болот.Авторлор, учурда азыркы коомдун суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн эске алган жогорку исламдык билим берүүнү калыптандыруу артыкчылыктуу болуп саналган бирдиктүү  билим берүү стандарттарынын  кабыл алынышы зарылдыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле, бардык диний окуу жайлары билим берүү министрлиги менен биргеликте иштеши жана мүмкүн болушунча жалпы талаптарга бардык талаптарды жакындатуу керек. Диний окуу жайларына жана  жалпы  окуу жайларына  коюлган талаптардан  айырмачылыктар  дээрлик болбошу абзел. Ал эми, жалпысынан алганда, авторлор, диний билим берүү  мекемелери  мусулман интеллигенциясын даярдоону максат кылган классикалык Ислам билимин  камтыган диний-светтик  окуу пландарын түзүү  мезгил талабы болууда деген пикирге келишкен.

Полный текст