Ырыскулова А. Ы.

    Ырыскулова А.Ы.,
ОБОНЧУ ТҮГӨЛБАЙ КАЗАКОВДУН КЫРГЫЗ ОБОНЧУЛУК ӨНӨРҮНДӨГҮ ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
Страницы:237-242      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-1-237-242

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу-композитор, публицист, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков - улуттук музыка  өнөрүнө 70-жылдарда келип, кыргыздын салттуу обонуна Р. Абдыкадыровдон кийин өзгөчө бурулуш жасаган, чыгармаларынын санына  эмес сапаттык баасына басым койгон талант. Т. Казаковдун ырлары тазалыкка жуурулган, жеңил-желпиликтен алда канча бийикте турган, жасалмасыз жашоону сүйүүнү, адамды сүйүүнү, ааламды сүйүүнү даңазалаган, жүрөккө жакын муң кайрыктар. Кыргызда “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген сөз, дал ушул Т. Казаковго туура келчүдөй. Анткени бул киши ырдай да билет. Ошону менен катар жаза да билет. Керемет ырларды жарата билген акындыгы да бар. Чыгармачыл дүйнөсү өтө кеңири. Журналистикадабы, коомдук иштерде болобу атуул катары өз позициясы бар.  Менин бул илимий макалам “Алтын балалык”, “Жамгыр”, “Элегия”, “Насыйкат” өндүү терең мазмундуу  кыргыз-казактын кыйырына жеткен ырлардын автору, кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу элдик күүнү обонго салган, түрк дүйнөсүнө түгөл таанымал обончу, ырчы, жазуучу, чыныгы чыгармачыл адам катары кыргыз маданиятында  оз орду бар, биздин муун туу туткан Түгөлбай Казаковдун обончулук өнөрүнө, чыгармачылык жолуна  арналат.

Полный текст