Амантур уулу Ч .

    Амантур уулу Ч...,
«МАЖМУ АТ-ТАВОРИХТЕГИ» КЫРГЫЗДЫН БУЛГАЧЫ УРУУЛАРЫ
Страницы:362-368      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-362-368

Бул макалада Сайф ад-дин Аксыкентинин «Мажму ат-таворих» эмгегинде камтылган кыргыз санжырасы тууралуу сөз болот. «Мажму ат-таворихте» Салусбек Булгачынын балдары деп аталган уруулар тобуна байланыштуу маалыматтар иликтенди. Аталган кол жазмада XVI к. башында кыргыз элинин уруулук түзүмүн чагылдырган санжыралык маалыматтар камтылган. «Мажму ат-таворихте» Салусбек Булгачиден тараган алты уруу: Бостон, Тейит, Жоокесек, Төөлөс, Каңды, Кыдырша ошол мезгилде Оң канатка киргизилген. Учурда бул кыргыз уруулары Ичкилик бөлүгүнүн курамына киришет. Ал санжыра менен азыркы кездеги кыргыз урууларынын түзүмүнө, алар боюнча иликтөөлөргө салыштырма талдоо жүргүзүлөт.

Полный текст

    Амантур уулу Ч...,
«МАЖМУ АТ-ТАВОРИХ» КОЛ ЖАЗМАСЫН ИЛИКТӨӨЛӨР ЖӨНҮНДӨ
Страницы:369-374      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-369-374

Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча маалыматтар келтирилген, тарыхый булак болуп кызмат өтөй турган орто кылымдагы мусулман авторлорунун чыгармаларынын ичинде XV-XVI кк. чегинде молло Сайф ад-дин ибн дамулло Шах Аббас Аксикенди жана анын уулу Нур Мухаммед деген кишилер тарабынан жазылган «Мажму ат-таворих» (Тарыхтар жыйнагы) аттуу кол жазма кээ бир өзгөчөлүктөрү аркылуу көңүлдү бурат.

Полный текст