Абдраева А. Т.

    Абдраева А.Т., Чойбекова Н.Т.,
ТАБУЛАШКАН КЕП ТҮРМӨКТӨРДӨГҮ ЛЕКСИКАЛЫК БИРДИКТЕР
Страницы:511-519      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-511-519

Кептик-прецеденттик түрмөктөрдөгү табу, сакралдуулук, тыюу функцияларын иликтөө да лингвопаремиология үчүн, коомдук жүрүм-турумду мүнөздөп жөндөө үчүн, жаш муундарды туура багыттоо үчүн зарыл.

            Төмөнкүмакала  табулашкан сγйлөө формулаларынын маани-маңызы, алардын колдонуу чөйрөсү жана тыюу лексемалары өз маанилери аркылуу тилди алып жүрүүчүлөрдүн жүрүм-турумуна чектөө киргизип, алар аткарбай турган жорук-жосундарды каттайт, этностун эс тутумунда омоктуу орун ээлеп, алардын көз карашын жөндөйт.

            Макалада  табулашкан сүйлөө формулаларынын тил илиминдегианын ичинде кыргыз жана англис тилдериндеги адамдын жүрүм-турумун мүнөздөгөн паремиялар, сүйлөөшүүдөгү тыюу формулалары бир жагы менен идиомаларга, бир жагы менен макал-лакаптарга, бир жагы менен сүйлөө жандуу түрмөктөргө кирип, үч тараптуу болушу ачыкталды. Идиома менен макал-лакаптарга кошкондо булардын образдуулугун, курамындагы лексемалардын өтмө мааниде колдонушун, экспрессивдүүлүгүн эсепке алабыз. Макал-лакаптардын тобуна кошкондо жалпылоочу, көркөмдүк сапаттары эсепке алынды. Макалада  табулашкан сүйлөө түрмөктөрдөгү лексикалык бирдиктердин туруктуу жана өзгөрүлмө маанилери тууралуу кеңири сөз кылмакчыбыз.

Полный текст

    Абдраева А.Т., Чойбекова Н.Т.,
КЫРГЫЗ ЭТНОСУНА ТИЕШЕЛҮҮ ТЫЮУ ФОРМУЛАЛАРЫН ИЛИКТӨӨНҮН НЕГИЗГИ АСПЕКТИЛЕРИ
Страницы:520-528      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-520-528

Табу, табулашкан сөз түрмөктөрү түрк тилдеринде кенен таркаган. Булар кыргыз провербиалдык мейкиндигине да мүнөздүү.

Кыргыз макал-лакаптарынын тизмесинде көптөгөн тыюу формулалары учурайт. Жаштарды гумандуулукка, сабырдуулукка, сылыктыкка, адилеттүүлүккө, уяттуулукка, боорукерликке ж.б. асыл сапаттарга ээ болууга багыттайт. Тыюу формулалары биздин провербиалдык талаада эбегейсиз чоң кызмат аткарып келет. Алар коомдук жүрүм-турумду көзөмөлдөп, эл өкүлдөрүнүн ич ара мамилелерин түздөп, позитивдүү жүрүм-турумга үгүттөйт.Төмөнкү илимий макалабыз кыргыз этносуна тиешелүү тыюу формулаларын иликтөөнүн негизги аспектилерин өзүнө камтыйт. Кыргыз тилиндеги табу, тыюу формулаларына тиешелүү парасинтагматикалык жана трансформациялык кубулуштар аныкталып, аларга тиешелүү биринчи жолупрофессор С.К. Рысбаев тематикалык жактан топторго ажыратып караган,ошондой эле бир нече когнитемалар да белгиленген.Табулук лексемалардын маани-маңызын түшүнүү деңгээлин көрсөтүү максатында метатил өкүлдөрүнүн ичинде сурамжылоо жүргүзүлүп тишелүү жооптор алынды.

Полный текст