Арстанов С. А.
УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ МЕЗГИЛИНДЕ ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖОЖДОРДУН УЛУУ ЖЕҢИШКЕ КОШКОН САЛЫМЫ
Макалада 1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги Кыргызстандык эмгекчилердин жеңишке кошкон салымы ошол мезгилдеги Ош шаарынын ЖОЖдорунун ишмердүүлүгүнүн мисалында каралды. Ош шаарына көчүрүлүп келген Ростов университети жергиликтүү Ош мугалимдер институту (азыркы ОшМУ) менен биргеликте согуштук оор кырдаалга карабастан окуу, илимий изилдөө процессин натыйжалуу уюштурууга жана аймактын коомдук-саясий, социалдык жана экономикалык турмушуна салым кошууга жетишкен.