Акылбекова Айжан .
МУХАММАД ПАЙГАМБАРДЫН (С.А.В) ОКУУДАГЫ УНИКАЛДУУ МЕТОДДОРУ
Бул макалада Мухаммад Пайгамбардын (С.А.В) окуу-тарбия боюнча исламдык педагогиканы негиздеген уникалдуу усулдук ыкмалар каралган. Алар: көрсөтмөлүк менен билим-тарбия берүү; салыштыруу жана окшоштуруу жолу менен окутуу; суроо-жооп жана окуучулар менен диалог жургузуу аркылуу окутуу; тезистик-эвристикалык, кыска-нуска сүйлөө жана кайталоо жана жетиштүү көңүл буруу аркылуу окутуу; убакытты туура тандоо жана окуучулардын ийгиликтерин байкап «мактоо жана алкыштоо» кирет.
МУХАММАД ПАЙГАМБАР (С.А.В) – КӨРҮНҮКТҮҮ ИНСАН ЖАНА ТАРЫХЫЙ ФЕНОМЕН
Бул макалада Мухаммад Пайгамбар (С.А.В) өрнөктүү инсан катары жалпы сыпаттары келтирилип, дүйнөлүк тарыхый процесске өтө таасирдүү салым кошкон инсан жана тарыхый феномен катары жетишээрлик аргументтер аркылуу далилдүү көрсөтүлгөн.