Самаров Айбек ...

    Самаров А...,
ЯПОН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ӨНҮГҮШҮНҮН ӨБӨЛГӨЛӨРҮ
Страницы:134-138      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2021-2-134-138

Макала япон билим берүү системасы, анын өнүгүү өбөлгөлөрү, жетишкедиктери себептерине арналган. Япон билим берүү тармагынын калыптанышынын тарыхый этаптары, япон билим берүү системасынын артыкчылыктары жана чабал жактары каралган.

Полный текст

    Самаров А...,
ГЛОБАЛДАШТЫРУУ ПРОЦЕССТЕРИНИН ДООРУНДА ЯПОНИЯДА ЗАМАНБАП ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ
Страницы:171-179      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-171-179

Макалада глобалдаштыруу маселесине, трилеммага түшүнүк берилет. Жалпы глобалдашуунун фонунда япон жогорку билим берүүсүнүн академиялык тармактагы көйгөйлөрү аныкталат. «Жапон синдрому» калктын ойлору менен экономикалык гүлдөпөнүгүү мезгилинде «кармалып калган» учурунда каралат, бирок ал 80-жылдары эле аяктаган. Бул көйгөй Японияга гана эмес, башка көптөгөн өнүккөн өлкөлөргө да мүнөздүү. Бул макаланын негизги максаты академиялык жааттагы жалпы глобалдаштыруунун фонунда япон билим берүү системасынын көйгөйлөрүн белгилеп аныктоо болуп саналат. Билим берүүдө жана кадрларды даярдоодо жекеликтен жалпыга өтүүдө туюк айлампада калып калбаш үчүн эмне кылуу керек деген суроо жаралбай койбойт. Япониянын мисалы ушул багытта бара жаткан башка өлкөлөр үчүн да сабак боло алат. 

Полный текст

    Самаров А...,
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ЯПОНИЯНЫН ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАЛАРЫНЫН САЛЫШТЫРМА АНАЛИЗИ
Страницы:352-357      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-352-357

Макалада Кыргызстан жана Япониянын жогорку билим берүү системасына салыштырма анализ берилген. Кыргызстан жана Япониянын жогорку билим берүү системасы ыкчам прогресс менен мүнөздөлөт. Анализ эки өлкөнүн өнүгүшүнүн ар кыл этаптарында жогорку кесиптик билим берүү актуалдуу маселелерди чечип келгендигин көрсөттү. Ар бир башка система сыяктуу эле, жогорку кесиптик билим берүү системасы өзүнүн өнүгүшүнүн бардык көрсөткүчтөрү боюнча коомдогу жүрүп жаткан динамикалык өзгөрүүлөрдүн көчүрмөсү болуп саналат. 

Полный текст