Жаркын кызы Турсун

    Жаркын к.Т.,
КЫТАЙДЫН «ТАҢ ХҮЙ ЙАО» ЖАЗМА БУЛАГЫНДАГЫ КЫРГЫЗДАРГА БАЙЛАНЫШТУУ МААЛЫМАТТАР ЖАНА АЛАРДЫН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ
Страницы:173-182      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2021-3-173-182

Макала “Таң хүйяо” – “Таң сулалесинин жалпы сереби” же “Таң сулалесинин мекемелик тарыхы” китебиндеги кыргыз тарыхы чагылдырылган айрым бөлүмдөрүн орто кылымдардагы кытай тилинен кыргызчага которууга арналган. Бул булак – Таң сулалесинин (618–907) мамлекеттик башкаруу системасы жөнүндөгү маалыматтардын жыйындысы. Ал 100 цзюандан турат жана Түндүк Сун доорунда (960–1126) жазылган. Эмгектин автору – Ван Пу (922–982), сүйүктүү аты – Циу; ал Кечки Чжоу сулалесинин убагында (951–960) башкы кеңешчи (канцлер) болгон. Котормо тексттин үзүндүсүнөн кийин тарыхчы, булак таануучу Жаркын Турсун кызы орто кылымдардагы кытай текстиндеги Борбордук, Ички жана Чыгыш Азиядагы этностордун, инсандардын, жерлердин жана кызмат аталыштарынын чоо-жайы боюнча таразалап айтып келет.

Полный текст