Төлегенова Дина Мелдебек кызы

    Төлегенова Д.М.,
ФИТОНИМДИК СЕМАНТИКА
Страницы:43-50      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-2-43-50

Изилдөөнүн актуалдуулугу жалпы эле түрк тилдеринин айрыкча кыргыз тилинин тарыхый өнүгүүсүндө эбегейсиз зор рол ойногон фитонимдердин тарыхый өнүгүүсү менен болгон байланыштуулугунда жатат. Анткени фитонимдик лексика табигый тилдин 44 диахронологиялык өнүгүүсүнө тыгыз таасир көрсөтүү менен биргеликте тилдик мыйзамдардын калыптануусуна жана лексикалык кордун баюсуна негиз болгон деп айтууга толук акыбыз бар. Макалада фитонимдик курамдын компоненттеринин ортосундагы бекем байланышты лингвистикалык жактан мүнөздөө менен алардын семантикалык өзгөчөлүгүнө көӊүлду. Иште илимий адабияттардын анализинин негизинде фитонимдер кайсы гана тилде болбосун дээрлик бирдей кызмат аткарарын аныктадык.

Полный текст

    Төлегенова Д.М.,
ФИТОНИМДЕРДИН КОНЦЕПТОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Страницы:50-57      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-2-50-57

Макалада кыргыз тилиндеги фитонимдердин концептуалдык негизи жана лингвистикалык формасы бүтүндөй түрк тилдериндеги фитонимдик лексиканын пайдубалы катарында кызмат кылгандыгын аныктоо менен бир катарда алардын (фитонимдердин) лексикалык катышын ар тараптан изилдөө болуп саналмакчы. Бир эле учурда кыргыз жана түрк тилдериндеги фитонимдик лексиканынын этимологиялык байланышын аныктап жана 51 алардын элдин этникалык ан-сезимине тийгизген таасирин конкреттүү мисалдардын негизинде далилдөөгө аракет кылдык. Ошондой эле, байыркы өсүмдүк аталыштарынын семантикалык өзгөчөлүгүн кыргыз жана башка түрк тилдеринин алкагында салыштырып анализдɵɵ, түрк тилдериндеги ɵсүмдүктɵрдүн аттарынын тектештигине байыркы катмардын негизинде талдоо жүргүзүү ишке ашты.

Полный текст