#2, 2022

СОЦИОЛОГИЯ

    Cai H...,
STUDY ON THE BOOK OF CONTRACTS OF THE CIVIL CODE OF P.R.C.
Страницы:329-336      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-329-336

The Civil Code of the People's Republic of China was officially implemented in 2021, and the Book of Contracts appeared as a separate book with the characteristics of a wide scope of adjustments and detailed contents; undertaking the function of the general provisions of the law of obligation, implementing the Green Principle and other main features in the civil field. The codification of the Book of Contracts of the Civil Code of the People's Republic of China is of positive significance which responses actively to new problems in social life; promotes the in-depth interpretation of the theory of contract law; improves the system of China's contract law; realizes the structure innovation of the Civil Code of the People's Republic of Chin

Полный текст


ФИЛОЛОГИЯ

    Абышбаева А.А.,
ОРУС ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ САН АТООЧТОРДУН САЛЫШТЫРУУ ТИПОЛОГИЯСЫ
Страницы:7-11      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-7-11

Бул макалада сан атооч сѳз түркүмү каралган. Мындан тышкары сан атоочтордун айрым эрежелери жана орус тилдеги сан атоочтордун кыргыз тилинде айырмасы, ѳзгѳчѳлүгү, ошондой эле айрым окшоштугу аныкталган. Кээ бир сан атоочтордун жѳндѳмѳсү эки тилде кѳрсѳтүлдү. Баардык фактылар орус жана кыргыз тилиндеринде мисалдар менен жабдылган. 

Полный текст

    Аманбаева С.Э., Шамурзаева Т.Т.,
КОММУНИКАТИВНАЯ НАПРАВЛЕННОСТЬ ПРИ ОБУЧЕНИИ ТЕМЫ “ВНЕШНОСТЬ И ХАРАКТЕР ЧЕЛОВЕКА” В ПРАКТИЧЕСКОМ КУРСЕ РУССКОГО ЯЗЫКА
Страницы:11-15      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-11-15

В статье предлагается разработка занятий по русскому языку о внешности и характере человека, ориентированной на формирование у студентов коммуникативной компетенции. 

Полный текст

    Амирова .О., Боранбаев С.Р.,
ЭСКИ ТҮРК ТИЛДЕРИНИН ЖАЛПЫ СӨЗДӨРҮ
Страницы:16-21      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-16-21

Бул макалада байыркы түрк тилдерине тиешелүү болгон сөздөр каралат. Тил өзүнүн өнүгүүсүнүн түрдүү этаптарында лингвистикалык көрсөткүчтөрүндө ар дайым өзүнүн белгилерин, изин калтырып келген. Бүгүнкү күндө аныктоо өтө кыйын болгон бул тарыхый белгилер тил тарыхын кылдат изилдөө үчүн эң баалуу материалдардын бири болуп саналат. Бул белгилер аркылуу тилдин табигый абалын, анын курчап турган өлкөлөр менен саясий жана маданий байланышын аныктоого болот. Демек, тил – элдин тарыхынын күзгүсү дейбиз. Демек, тилдин өнүгүү тарыхы ошол тилдин ээлеринин тарыхы менен тыгыз байланышта. Элдик тарых илимпоздорунун тилге өзгөчө көңүл буруп, аны тарых менен салыштырып изилдөөсүндө чоң кемчиликтин белгисин көрө алабыз. Бирок, көп колдонулган түрк сөздөрү менен түрк тилине орток сөздөрдү айырмалоо керек. Мисалы, араб-фарсы жана монгол тилдеринин кириш элементтери сөздүктөн алынып салынса, түрк тилдеринин лексикасы гана калат жана бул түрк тилдеринин жалпы лексикасын түзөт. Жалпы лексиканын курамына түрк тилдеринин ар кайсы диалектилеринде ар кандай вариантта колдонулган, бирок семантикалык мааниси бирдей болгон сөздөр кирет. Сөздүктүн лексикасын барактап көрсөң, булар «Мукаддиматтын» үчтөн бир бөлүгүн түзөт экен. Бул жазма эстеликте кыпчак тилинин мүнөздүү белгилери ошол жерде жазылган жазма варианттарга салыштырмалуу канчалык деңгээлде сакталып калганын билүү биздин изилдөөнүн максаттарынын бири.

Полный текст

    Атикол Б.У.,
ДҮЙНӨНҮН ТИЛДИК СҮРӨТҮН ЧАГЫЛДЫРУУДА САНДЫК СИМВОЛИКАНЫН РОЛУ
Страницы:21-25      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-21-25

Макалада талдоого алынган иллюстрациялык материалдар кыргыз тилинде сан концептин өзүнчө бөлүүгө негиз бар экендигин көрсөттү. Анткени, сан - дүйнөнүн 22 тилдик сүрөтүн чагылдыруудагы негизги мазмундук бирдик болуп саналат. Кыргыздардын дүйнөнүн тилдик сүрөтүндө сандардын өзгөчө символикалык маанилери бар экендигин тилдеги фактылар жана маданий салттар далилдей алат. Буларга биринчи кезекте фразеологизмдер жана элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү кирет. Көпчүлүк учурда сандардын мындай контекстте колдонулушу символикалык мүнөзгө ээ болот.

Полный текст

    Атикол Б.У.,
САНДАРДЫН СИМВОЛ КАТАРЫ ИЗИЛДЕНИШИНИН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕР
Страницы:25-30      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-25-30

Ар бир маданиятта дүйнөнүн улуттук сүрөтү универсалдык түшүнүктөрдөн турат. Мындай универсалдык түшүнүктөрдүн бири – сан. Сан философиялык категория катары логикалык, улуттук-маданий жана мифологиялык өзгөчөлүктөргө ээ. Ошол себептен, сан философиялык категория катары алгач философтор тарабынан изилденген. Ал эми тилчи-окумуштуулар сандардын сакралдык маанилерин көӊүл чордонуна алуу менен, алардын мифологиядагы жана элдик оозеки чыгармачылыктагы ролун улуттун менталитети, дүйнөтаанымы менен байланышта иликтөөгө алышкан. Азыркы тил илиминдеги этнолингвистикалык жана лингвокультурологиялык багыттагы эмгектерде сандык символиканы дүйнөнүн тилдик сүрөтүнүн фрагменти, тил менен маданияттын тыгыз карымкатышынын жыйынтыгы катары каралышы болуп саналат. Бул эмгектерде сандар фразеология, дүйнөнүн тилдик сүрөтү, этномаданий лексиканын алкагында изилденген. Демек, түркологияда сандык символика дагы изилдөөнү талап кылган маселелердин бири.

Полный текст

    Каратаева С.К.,
ТҮРК ТИЛДЕРИНДЕ БАЙЫРКЫ СОЗУЛМАЛАРДЫН ДИФТОНГДОШУУСУ
Страницы:30-35      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-30-35

  Бул макалада түрк тилдериндеги анын ичинде кыргыз тилиндеги байыркы дифтонгдор жана байыркы созулмалардын дифтонгдошуу процесси изилденген. Байыркы созулмалардын дифтонгдошуусун түрк тилдеринин калыптаныш тарыхынан байкоого болот. Байыркы созулма үндүүлөрдүн дифтонгдошуусунда түрк тилдеринде күчтүк басым негизги ролду ойногон. Мындай созулуп айтылуунун натыйжасынан келип чыккан дифтонгдошууга өзгөчө кууш үндүүлөр дуушар болгон. Бирок белгилеп кетүүчү нерсе, дифтонгдошуу бардык түрк тилдеринде универсалдуу мүнөзгө ээ болгон эмес. Азыркы түрк тилдеринин ичинен түркмөн тилинин диалектилеринде, халадж тилинде байыркы созулмалардын дифтонгго өткөн формаларын кезиктирүүгө болот. Мындай дифтонгдор аркылуу тигил же бул түрк тилинде байыркы созулмалардын болгондугун далилдөөгө болот. 

Полный текст

     Mukarapova A.K., .Abykeeva A.A.,
STYLISTIC PECULIARITIES OF ADVERTISING LANGUAGE IN THE ENGLISH AND KYRGYZ LANGUAGES
Страницы:35-43      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-35-43

The article deals with the comparative study of stylistic peculiarities of advertising language in the English and Kyrgyz languages. The relevance of the topic is due to the 36 fact that nowadays advertising has a very strong impact both on the consumer market, political and cultural life of society, and on the language and its development as a system. The novelty of this research lies in the fact that it conducted a comprehensive study of the stylistic techniques used in the advertising slogans in the English and Kyrgyz languages; moreover, the advertising slogans used in Bishkek city have been mostly analyzed.

Полный текст

    Садыкова С. ., Мусабаева Р.Ш.,
ЛИНГВИСТИЧЕСКАЯ ИНТЕРФЕРЕНЦИЯ И ЕЕ ВИДЫ НА ПРИМЕРЕ РУССКОГО И НЕМЕЦКОГО ЯЗЫКОВ
Страницы:43-46      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-43-46

Рассматривается проблем интерференции, которая является одной из центральных проблем соответствующих разделов лингвистики, психолингвистики, социолингвистики, методики. 

Полный текст

    Садыкова К...,
ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ТЕКСТТЕРГЕ ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
Страницы:47-50      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-47-50

Бул макала илимий стилдеги тексттерге талдоо жүргүзүү үчүн практикалык багытта иштелип чыкты. Анын максаты – ар түрдүү субстилдеги илимий тексттердин өзгөчөлүктөрүн изилдөө, алардын тилдик өзгөчөлүктөрүн жана технологиялык мүнөздөмөлөрүн аныктоо, ошондой эле терминдер болгон негизги бирдиктерди кароо. Макалада илимий-техникалык 2 текстке талдоо жүргүзүлөт.

Полный текст

    Садыкова К...,
ИЛИМИЙ СТИЛДЕГИ ТЕКСТТЕРДЕГИ ТЕЗИС ЖАНА ЦИТАТА
Страницы:50-55      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-50-55

Макалада илимий стилдеги тексттерге тезис жана цитата алуунун жолдору каралат. Тезистин структуралык өзгөчөлүктөрү, мүнөздүү белгилери сыпатталат. Цитатаны колдонуунун грамматикалык жолдору сунушталат. 

Полный текст

    Садыкова С. ., Мусабаева Р.Ш.,
ПРОЦЕСС ЗАИМСТВОВАНИЯ КАК РАЗНОВИДНОСТЬ ЯЗЫКОВОГО КОНТАКТА
Страницы:55-62      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-55-62

Заимствование рассматривается как процесс, который необязательно проявляется в условиях билингвизма, для него прежде всего необходим языковой контакт. Заимствование понимается как процесс, при котором чуждые родному языку элементы другого языка не регламентируются знанием языка, из которого они почерпнуты. В большинстве случаев заимствованные единицы адаптируются в той или иной степени на фонологическом, морфологическом, лексико-семантическом и стилистическом уровнях. Целью исследования явилось выявление различных взглядов отечественных и зарубежных лингвистов на понятие «заимствование», анализ теоретических подходов к изучению типов заимствований и лингвистических критериев их адаптации в языке-реципиенте. 

Полный текст

    Сайпедин И...,
КЫРГЫЗ ОКУУЧУЛАРЫНЫН КЫТАЙ ТИЛИНИН ТЫБЫШТАРЫН ҮЙРӨНҮҮДӨГҮ КӨЙГӨЙЛҮҮ УЧУРЛАРЫ ЖАНА АНЫҮ ҮЙРӨНҮҮНҮН ЖОЛДОРУ
Страницы:62-75      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-562-75

Тыбыш болсо сөздүк, грамматика менен кошо тилдин маңыздуу курамдарынын бири саналат. Экинчи тилди үйрөнүүдө тыбыштарды системалуу жана нормативдик үйрөнүү эң негиздүү пайдубал болуп тил үйрөнүүчүнүн кийинки тил үйрөнүү аракетине таасирин тийгизип турат. Кыргызыстандык окуучулар Кытай тили тыбыштарын үйрөнгөндө Кыргыз тили тыбыштары менен окшош болбогон тыбыштарды үйрөнүүсү алар үчүн чоң тоскоол болуп саналат. Кытай тилинде бар бирок Кыргыз тилиинде жок болгон тыбыштарды алгач үйрөнүп баштаган Кыргыз окуучулары аларды эне тиилдеги тыбыштар менен алмаштырып же ошого жакын тыбыштар менен айтышат. Кытай тили тыбыштарынын мүнүздөмөлүгүн так түшүнбөө, Кытай тили тамгаларын жазуу эрежесин бышык ийгере албоо, Кытай тили тыбыштар системасинда юнму жана Шыңмулардын айкалыштырп окуу эрежесин толук ээлей албоо, Кыргыз тили тыбыштарынын башка тиилдерден айрымаланган үндөштүк, кош үндүүлөрдүн болбостугу(созулма үндүүлөр эмес) сыяктуу ички фактилардан башка окуучулардын тил үйрөнүү арткы жагдайы, көз карашы, тил үйрөтүүчүнүн эне тил жана үйрөтмөк болгон тилдин фонетикалык билимдерине жетик болбостугу сыяктуу сырткы фактилар Кытай тили тыбыштарын үйрөнүсүнө таасирин көрсөтөт.

Полный текст

    Эргешалы к.Н.,
КЫРГЫЗ ЖАНА АНГЛИС ТИЛДЕРИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЕЛИП ЧЫГУУ ТАРЫХ
Страницы:75-79      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-75-79

Макалада фразеологизмдердин кыргыз жана англис тилдеринде келип чыгуу тарыхы, фразеология илимине чоӊ салым кошкон кыргыз жана америкалык окумуштуулардын изилдөөлөрү талкууга алынды. Фразеологиянын калыптануу этабы, бул багыт боюнча жазылган илимий иштер, диссертациялар, сөздүктөр каралды. Англис жана кыргыз тилиндеги фразеологиялык бирдиктер жана аларга карата мисалдар каралат. 

Полный текст