Исмаилов Шукур Арпидинович

    Исмаилов Ш.А.,
ТАССАВВУФДУН КАЛЫПТАНУУСУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮҮ ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ
Страницы:275-279      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-2-275-279

макалада суфизмдин акыйкатын тарыхый-философиялык талдоо, анын идеялык башаттарын, онтологиялык жайларын, теологиялык жана идеологиялык маңызын ачып берүү маселелери каралды. Ошондой эле, Орто Азияда кеңири жайылган суфизмдин руханий иш-аракеттеринин жана кыймылдарынын жалпылыгы каралат. Коом менен мусулман эзотерикалык каада-салтынын тарыхы орто кылымдарда башталат, ошол мезгилде мусулман дүйнөсү Орто Азияга олуттуу таасир тийгизип, ислам маданиятынан дем жана билим алганы берилди. 

Полный текст

    Исмаилов Ш.А.,
ТАСАВВУФ ЖАНА АНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:279-285      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-2-279-285

макалада тасаввуф (сопулук) жөнүндө негизги түшүнүк – аныктамалар каралды. Тасаввуф тууралуу белгилүү аалымдардын орто кылымдардан тарта учурдагы мезгилге чейин айткан сөздөрү, эмгектери жана сопулук өзгөчөлүктөрү каралды. Тасаввуф – 8-кылымдын ортосунда 9-кылымдын баш чендеринде түптөлө баштаган ислам дининдеги мистикалык багыт экени, 9-кылымда соплуктун ири өкүлдөрү агымдын теориясын жана практикасын иштеп чыгышканы, Диний устаттардын (шейх, муршид, пирлердин) жетекчилиги астында менен шакирттер даярдалганы, 9-11-кылымдардагы сопулуктун жол- 279 жоболору жазылган эмгектердин пайда болушу, сопулукту кармангандардын бардыгы эле туура жолдо болбошу, алардын арасында деле адашып кеткендер кездешээри жөнүндө изилденди. Сопулуктун кыргыз турмушундагы орду жана сопулуктун ислам дининин кыргыздардын арасында таралуусуна кошкон салымы берилди. Кыргызстандын аймагында негизинен сопулуктун Накшбандийя тарикасы (жолу) салттуулук макамына ээ экенине илимий негиздөөлөр көрсөтүлдү. 

Полный текст