Акматалиев Асанбек Тургунбаевич

    Акматалиев А.Т., Эркебаев Э. ., Коконова Н.Ж.,
РУХАНИЙ МУРАСТЫН КООМДУК ЖАШООГО ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Страницы:206-210      Язык:  lorem    DOI: 10.33514/1694-7851-2022-2-206-210

Аталган макалада руханий мурастын коомдук жашоого тийгизген таасири каралат, андан тышкары анда айтылгандай, руханий мурастын структурасы материалдык, маданий жана социалдык мурастардын кандайдыр-бир механикалык жыйындысынан куралат. Ушул салыштырмалуу ѳз алдынча эмгектер бир бүтүндүүлүктү жараткан туруктуу системанын байланышында болот жана бири-бирин шарттап турат. Мурастын ар бир формасынын сапаты, орду, ролу жана мааниси ѳздѳрү курамында турган системанын байланышынан жана жалпы бүтүндүүлүктүн структурасынан кѳз каранды. Себеби ушул формалардын ѳзгѳрүшү структуранын алмашуусуна алып келет.

Полный текст

    Акматалиев А.Т.,
САЛТТУУ КООМ ШАРТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХАНИЙ ЖАНА МАДАНИЙ МУРАСЫ
Страницы:211-215      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-211-215

 Аталган макалада салттуу кыргыз коомундагы кыргыз элинин руханий жана маданий мурас маселеси каралат, андан тышкары анда айтылгандай, руханий жана маданий мурас - бул Кыргызстандын дүйнөдөгү көрүнүктүү элеси, анын жагымдуулугун, ага болгон сый-урматын жана ишенимин аныктайт. Маданий мурас мамлекеттүүлүгүбүздүн түркүктөрүнүн бири жана элибиздин жана Кыргызстандын дүйнөлүк атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүнүн жана жашоого жөндөмдүүлүгүнүн негизи болууга тийиш. Өзүнүн өткөнүн, маданиятын түшүнбөй туруп, дүйнөлүк процесстердеги ордун, ролун аныктоо кыйынга турат. 

Полный текст