Көлбаева М. .

    Көлбаева М...,
АЙТЫШ ӨНӨРЛӨРҮНҮН ТҮРК ЭЛДЕРИНДЕ ТАРАЛЫШЫ ЖАНА ИЗИЛДЕНИШИ
Страницы:134-144      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-3-134-144

Айтыш – элдик оозеки чыгармачылыктын жанр катары калыптанган бир түрү. Анын жаралуу тарыхы, драмалык, лирикалык элементтерди калыптандырган өзгөчө табияты, өзүнө ылайык айтылуу ыгы жанр катары мүнөзүн сапаттап турат. Мындан сырткары айтыш жанры байыркылык мүнөзгө ээ болгондуктан көпчүлүк түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгында кезигет. Андыктан аталган макаладагы түрк тилдүү элдердеги айтыштын таралыш өзгөчөлүгү жана изилдениш абалын салыштырма планда талдоо учур үчүн актуалдуу маселелердин бири.Макалада түркмөн, казак, башкырт, өзбек, уйгур, азербайжан, анадолу түрктөрү ж.б. элдердин оозеки чыгармачылыгындагы айтыш жанрынын таралуу өзгөчөлүктөрү, аталышы, түрлөрү, ал элдерде таралышын, изилдениш абалын талдоого алууну максат кылдык. Макаланы жазууда салыштырма-типологиялык ыкма жетекке алынып, түрк элдериндеги айтыш жанрын изилдөөгө алган Б. Кебекова, С. Носиров, Р. Мухаммадиев,   Б. Сарымсаков, А. Мусакулов, М. Кушмаков, К. Базаровдун, Н. Давкараев, С. С. Каташ, Огузхан Айдын, Хасан Кутлусой, Т. Ковальский, М.Ауэзов, С.Муканов, Е.Ысмайылов, К.Жумажанов ж.б. авторлордун изилдөөлөрү методолгиялык таяныч катары каралды. Изилдөөнүн натыйжасында айтыш жанрын түрк тилдүү элдердеги түрлөрү менен салыштырма планда изилдөөлөрдү жүргүзүү, фольклористика, адабият таануу илимдериндеги изилдениш тарыхы, ар бир доордун жанрга тийгизген таасирин, тематикалык-идеялык, поэтикалык жаңылануулардын да талдануусу зарыл экенин белгиледик. 

Полный текст