Абдухамидова Б. А.
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ОКУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ТАЛАПТАРЫ, ПЕДАГОГИКАЛЫК ШАРТТАРЫ ЖАНА ОКУРМАНДЫК КЫЗЫГУУЛАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ПРИНЦИПТЕРИ
Макалада башталгыч класстардын окуучуларынын окурмандык кызыгууларын ойготуунун, көркөм чыгарманы окууга мотивациялоонун, окурмандык компетенттүүлүгүн калыптандыруунун талаптары жана педагогикалык шарттары тууралуу сөз болот. Жалпы дидактикалык принциптер жетекчиликке алынып, алар менен катар адабий окуу сабагында окурманды даярдоо, окууга кызыктыруу ишмердүүлүгүндө да эске алынуучу принциптерге токтолгон. Ар бир принцип мугалимдин ишмердүүлүгүнө жардам берип, анын окурманды тарбиялоо багытында жүргүзүүчү иш-аракеттерин жөнгө салып турары айрым мисалдар аркылуу белгиленет.