Өмүрзакова Г. .

    Өмүрзакова Г...,
КЛАССТАН ТЫШКАРКЫ ИШТЕРДЕ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН УЛУТТАР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕШҮҮ МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУНУ ЭКСПЕРИМЕНТТЕ ТЕКШЕРҮҮ
Страницы:296-303      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-296-303

Макалада азыркы кездеги көп улуттуу Кыргызстанда мектеп окуучуларынын улуттар аралык мамилелешүү маданиятын калыптандыруу актуалдуу маселелердин болуп саналгандыгы көрсөтүлгөн. Бул проблеманы чечүүдө мектептин социалдык фунциясы өсө тургандыгы белгиленген. Мектеп окуучуларынын улуттар аралык мамилелешүү маданиятын калыптандыруу башталгыч класстан баштоо натыйжалуу боло тургандыгы педагогикалык эксперименттин материалдары менен аныкталган. Башталгыч класстын окуучуларынын мамилелешүү маданиятын калыптандырууда класстан тышкаркы иштердин алгылыктуу формаларын колдонуу, алардын максаттуу багыттуулугу, улуттук баалуулуктарга негизделиши коюлган милдеттерди учурдын талабына ылайык чечүүгө оң таасирин тийгизет. Класстан тышкаркы тарбиялык иштерди уюштурууда атайын принциптерди эске алуу, окуучулардын өзүн идентификациялай алышына, өз улутунун жана башка улуттун улуттук баалуулуктарына кызыгуусуна, аларга сый мамиле жасоо сезимдеринин калыптанышна, улуттар аралык мамилелешүү маданиятынын деңгээлине таасирин тийгизет.

Полный текст