Итигулова Ж. К.

    Итигулова Ж.К.,
НУРМОЛДОНУН АГАРТУУЧУЛУК ИДЕЯЛАРЫ
Страницы:412-415      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-412-415

 Тарыхка кайрылсак, кат-сабаты жоюлбаган ата-бабаларыбыз көркөм өнөрү менен таалим-тарбия берип келгенине күбө болобуз. Бирок, илим-билим, техника өнүккөн доордогу коомдо бир катар кемчиликтер оркоюп чыга келди. Маданиятсыздык, чала сабаттуулук, адеп-ахлактын төмөндөшү, ыймандын азайышы, жырткычтык сапаттардын күчөшү, кайдыгерлик, ыпластык улам өсүп баратат. Коомубуз рухий кризиске туш болду. Мындай шартта келечек муундарга нуска болуп бере турган улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий асыл нарктарга жана жалпы адамзаттык рухий кенчтерге кайрылуу, аларды турмушта колдонуу учурдун талабы болуп калууда. Себеби, руханиятсыз адам коому – бул макулуктардын коому. Рухий кризисттен чыгуунун жолу, Конфуцийдин сөзү менен айтканда, элдик каада-салтты жандандыруу, жайылтуу, “каада-салт бар жерде гана ыйман да күчтүү”

Полный текст