Юсупова Р. О.
ТААНЫП-БИЛҮҮДӨГҮ ЭЛДИК ОЮНДАРДЫН СУБСТАНЦИЯСЫ
Макалада авторлор элдик оюндарды таанып-билүүнүн жолдорунун жана инсандын калыптанышынын факторлорунун бири катары аныктоого аракет кылышат. Ааламдашуу шарттарында этникалык иденттүүлүктү калыптоо көйгөйү социалдык таанымга белгилүү бир милдеттерди коюуда. Алардын бири болуп элдик оюндардын таанымдагы ордун аныктоо эсептелет. Элдик оюндар универсалдуу мүнөзгө ээ болуп, дүйнө таанымдык функцияны аткарышат жана улуттук салттуу маданиятты сактап калуудагы маанилүү факторлордун бири болуп саналат
КЫРГЫЗДАРДЫН ДЕМЕЙКИ БИЛИМДЕРИ ТААНЫП-БИЛҮҮ ПРОЦЕССИНИН СУБСТАНЦИЯЛЫК ДИНАМИКАСЫ КАТАРЫ
Макаланын мазмуну кыргыз элинин таанып-билүүндөгү алгачкы башат катары саналган демейки билимдерине арналган. Алардын эмпирикалык деңгээлдеги дүйнөнү салмактуу кабыл алуусу, элибиздин философиялык ой-жүгүртүүсүн чектеп койгон эмес. Тескерисинче, жаратылышты, адамды, коомду, алардын ортосундагы гармониялык байланышты акыл-эс менен туюп сезүүгө шарт түзгөн