Шамшидин уулу Д .
ОРТО АЗИЯЛЫК МУСУЛМАНДАРДЫН АЖЫЛЫК САПАРЛАРЫНДА “ТЕККЕЛЕРДИН” РОЛУ
Орто Азиялык мусулмандар ислам дининин негизги беш шартынын бири болгон ажылык парзын аткаруу максатында бир канча багыт аркылуу Меккеге барып турушкан. Жолдун бир кыйла узак болгондугуна карабастан Стамбул аркылуу да барган адамдар болгон. Алар көбүнчө Осмон мамлекетинин аймагында жайгашкан “текке” деп аталган атайын ибадатканаларда баш калкалап, тыныгуу алышып, андан ары жолун улашкан. Аталган ибадатканаларда ажыга баруучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, тамак-аш менен да камсыздалып турган. Жалпысынан теккелердин көбү Стамбулда орун алган. Орто Азиянын ар кыл аймагынан кыргыздар, казактар, тажиктер, өзбектер, уйгурлар Меккеге бара жатып, теккелерде баш калкалап, кайра Меккеден кайтып келе жатканда кайрылышкан.