Мамбетова М .

    Эсеналиева Г.О., Мамбетова М...,
САТЫБАЛДЫ НААМАТОВДУН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА АЛГАН ОРДУ
Страницы:304-310      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-304-310

Сатыбалды Нааматов кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынан болуп саналат. Ал ХХ кылымдын 20-30-жылдарында кыргыз жергесинде жаӊы түптөлүп жаткан билим берүү системасын окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолор менен камсыздоого өзгөчө чоӊ салым кошкон инсан. Анын кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы боюнча эмгектери ошол учурдагы элибиздин сабатсыздыгын жоюу ишине абдан зор кызмат өтөгөн. С. Нааматовдун окуу куралдары өз учурунда көптөгөн нускада басылып чыгып, мектеп окуучулары жана мугалимдери үчүн билим алуунун булагы болуп бере алган. Ал бир эле учурда чыгармачылык ишмердүүлүктү да аркалап, бир канча көркөм туундуларды да жараткан. Анын улуттук көркөм адабияттын өнүгүшү жаатында да белгилүү бир даражада салымы бар. Бүгүнкү күндө аталган инсандын адабий-педагогикалык мурастарын изилдөө зарылдыгы астыда турат.

Полный текст