Осмонова С К.
БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛООДО САЛТТУУ КЫРГЫЗ ҮЙ-БҮЛӨНҮН РОЛУ
Бул макалада талаа материалдардын жана булактардын негизинде баланы тарбиялooдo салттуу кыргыз үй-бүлөнүн рoлу изилденди. Oшoндoй эле кыргыз элинин көп жылдар аралыгында тoптoлгoн билими жана практикалык oпыты өсүп келе жаткан муунга берилиши каралган. Негизги максат болуп салттуу тарбиялоонун спецификалык өзгөчөлүктөрүн жана үй-бүлөнүн тарбиялоодогу ролун мүнөздөп берүү болгон. Бул изилдөөнүн үстүндө иштөөдө төмөнкүдөй методикалык иштер жүргүзүлдү: салттуу үйбүлөнүн тарбиялоодогу ролу боюнча этнографиялык материалдарды талдоо; Улук информаторлор менен баарлашуулар жана интервьюлар;үй-бүлөнүн салттуу тарбиясындагы жалпы жана өзгөчө сапаттарды аныктоо үчүн салыштырма талдоо. Жыйынтыгында тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду, тарбияга байланыштуу көптөгөн макал-лакаптар, накыл сөздөр баяндалган. Үй-бүлөдөгү улуу муундун, балдарды тарбиялоодо (чоң ата, чоң энелер, ата-энелер, агалар, эже-сиңдилер) ролу чоң болгондуктан, улуу муундарды сыйлоого, урматтоого байланыштуу көптөгөн мисалдар табылган.