Айдарова Ж. М.

    Тажикова Б.Ш., Айдарова Ж.М.,
ӨСПҮРҮМ КУРАКТАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУ КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ – ОКУТУУНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУН ФАКТОРУ КАТАРЫ
Страницы:273-277      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-273-277

Макалада окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү – заманбап билим берүүнүн бирден бир негизги көйгөйү. Окуу жана сабаттуулуктун деӊгээли тыгыз байланышта, себеби сабаттуулук окуу үчүн керек, ал эми окуу сабаттуулукту өнүктүрөт. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө сабаттуулук жана окуу көндүмүн өнүктүрүү боюнча комплексттик улуттук программалар бар. Мындай программалар көпчүлүк калк активдүү окурмандардын курамына кошулушуна түрткү берет. Окуу жана сабаттуулукту өнүктүрүү - бул педагогикалык гана көйгөй эмес, бул маанилүү долбоор жана жалпы мамлекеттин милдети. 

Полный текст

    Батыралиев А..., Айдарова Ж.М., Байсубанова В.А.,
Я.А. КОМЕНСКИЙДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИН ОКУТУУ КОМПЕТЕНТТҮҮ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАП ЧЫГУУНУН ПАЙДУБАЛЫ
Страницы:358-362      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-358-362

Макала педагогика илиминин негиз салуучусу Я.А. Коменскийдин эмгектерин жогорку педагогикалык окуу жайларында окуп үйрөнүү маселесине арналган.Авторлор макалада азыркы билим берүү мекемелеринде бекем орун алып, активдүү колдонулган жалпы билим берүү, класстык - сабак системасы, көрсөтмөлүү окутуу методу, эне тилде окутуунун артыкчылыгы, танапис, каникуль, чейректер, мектеп жадыбалы, мектеп имаратынын физикалык чөйрөсү жана башка көрүнүштөр эң алгач Я.А. Коменскийдин эмгектеринде аныкталып, билим берүү системасында жемиштүү колдонулуп келе жаткандыгын белгилейт. Макалада анын “Улуу Дидактика” эмгеги талданып бүгүнкү күндөгү педагогикадагы көптөгөн эрежелер Я.А. Коменский тарабынан айтылып кеткендигин далилдегенге аракет кылышкан. Компетентүү адистерди даярдоонун пайдубалы Я.А. Коменскийдин эмгектерин окутуп үйрөтүү деп эсептешет

Полный текст