Абдраимов К А.
“ЭР ТӨШТҮК” ЭПОСУНДАГЫ КААДА-САЛТ ЖАНА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР
Макалада С.Каралаевдин вариантына таандык “Эр Төштүк” эпосундагы каада-салт жана ырым-жырымдарга басым жасалды. Кыргыз элиндеги каада-салт жана ырымжырым категорияларынын айрымдарынан мисал келтирилди. Негизинен “Эр Төштүк” эпосунда төмөндөгүдөй каада-салт, ырым-жырымдар кездешерине күбө болобуз: мазар таюу, мазарда мал союу, аян түш көрүү, баабедин айтуу, бала төрөлгөндө баабедин чалуу жана балага ат коюу. Эпосто сүннөткө отургузуу, кудалашуу, кызга сеп берүү, куттуктоо, турмуш куруу мезгили келгенин билдирүүчү каада-салт, ырым-жырымдар жана күйөө тандоо, күйөө балдарды сыноо жана балдар узак сапардан аман-эсен кайтканда той өткөрүү каада-салт, ырым-жырымдары эпосто кеңири кездешет