Адамалиева Ж А.

    Эсенгулова М.М., Адамалиева Ж.А., Боромбаева Б.К., Махамат кызы Р..., Осмонова Р...,
12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ, ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТАЖРЫЙБАЛАР: ӨТҮҮДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨР, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ, КЕЛЕЧЕГИ
Страницы:411-421      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-411-421

Коомдун өнүгүүсү менен, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде 12 жылдык окутуу системасына өтүү бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелеринин бири. Билим берүүнүн бул модели дүйнөнүн 80% дан ашуун өлкөлөрүндө ишке ашырылган. Мектеп окуучуларына мезгилдин талабына ылайык сапаттуу билим берүү системасын сунуштоо милдетин аткаруу үчүн, окутуу-тарбиялоо процессин олутуу өзгөртүү зарылчылыгы пайда болот. Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекети катары мындай реформаларды жүргүзүү менен, дүйнөлүк билим берүү стандартына шайкеш келүүгө умтулууда. Макаланын авторлору – 1 курстун магистранттары, педагогика илимдеринин кандидаты, М.М. Эсенгулованын жетекчилиги астында «Илим жана билим берүүнүн заманбап проблемалары» дисциплинасынын алкагында өз алдынча сунушталган тема боюнча изилдөө ишин жүргүзүшүп, жыйынтыгын макала иретинде сунушташууда. Изилдөөнүн диагностикалык-констатациялоочу этабынын милдеттери: 1) 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу боюнча кыргызстандык, чет өлкөлүк булактарды изилдөө жана талдоо; 2) автордук анкета иштеп чыгуу жана сурамжылоо жүргүзүү; 3)констатациялоочу диагностикалык этаптын жыйынтыгын чыгаруу жана макала түрүндө жазуу. Изилдөөнүн натыйжасы 12 жылдык билим берүүнүн негизги артыкчылыгы – гуманистик багыттагы билим берүү системасын, инсанга багытталган окутуу процессинин өнүктүрүү экендигин көрсөттү

Полный текст