Абдыкеримова А. Ш.

    Кырбашова М.Т., Абдыкеримова А.Ш., Кубатбекова Г.К.,
ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН КЕСИПТИК БАГЫТ АЛУУСУНДАГЫ БИОЛОГИЯ САБАГЫНЫН МYМКYНЧYЛYКТϴРY
Страницы:56-67      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-3-56-67

.Макалада биология сабагындагы жогорку класстын окуучуларынын кесиптик багыт маселелери талкууланат. 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасында сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө артыкчылык берилет, ал эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жөндөмдүү адамды калыптандырат. Демек, эмгек рыногунда өсүп жаткан атаандаштыктын шартында ар бир билим берүү мекемеси заманбап талаптарга жооп берген, зарыл болгон билим деңгээлине жана практикалык көндүмдөргө, жалпы жана кесиптик компетенцияларга ээ сапаттуу адистерди даярдоого кызыкдар болот. Ошол эле учурда билим берүү процесси түздөн-түз окуучулардын кесиптик багытына, окуучунун таанып-билʏʏчʏлʏк  өз алдынчалыгын натыйжалуу калыптандырууга, кесиптик компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлин калыптандыруучу инсандын эң маанилүү сапаттарынын бирине көз каранды. Макалада авторлор орто мектептерде жогорку класстын окуучуларын кесиптик багыттоо максатында биология сабагынын активдүү формаларын системалуу колдонуу аркылуу жогорку класстын окуучуларын кесипке багыттоо процессине жана кесиптик инсандын эң маанилүү сапаттарынын бири  таанып-билʏʏчʏлʏк өз алдынчалыгынын калыптанышына натыйжалуу таасир эте тургандыгын тастыкташат.

Полный текст