Молдошев А. М.
ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА КӨП ДЕҢГЭЭЛДҮҮ ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫН ИШКЕ АШЫРУУ
Бул макалада дифференцирлеп окутууну натыйжалуу ишке ашыруунун негизги шарттары каралган. Дифференцирлеп окутуунун негизги принциби-мазмундун татаалдыгын олуттуу түрдө төмөндөтпөстөн, мугалимдер тарабынан окуучуларга жардам берүүнү дифференцирлөө. Дифференцирленген окутууну уюштуруунун милдеттүү шарты – мугалимдин окуучулардын билим деңгээлин билүүсү жанаалардын таанып билүүчүлүк жөндөмдөрүн, жекече жана типологиялык өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүүсү. Дифференцирлеп окутууну ишке ашыруунун шарттары: дидактикалык материалдардын жетиштүү топтому (тапшырмалар, нускамалар ж. б.); мугалим тарабынан системалуу контролдоо жана окуучулардын окуу ишине баа берүү; окуучуларды таанып-билүү иш-аракеттеринин ыкмаларына аң-сезимдүү үйрөтүү.
ХИМИЯ САБАГЫНДА ОКУТУУНУН ИЗИЛДӨӨ МЕТОДУН КОЛДОНУУ
Көп тараптуу изилдөөнүн негизинде өзүлөрүнө белгисиз болгон иштерди, теориялык билимдерди жана чыгармачылыктын жолдорун таап чыгышы окуучулардын изилдөөчүлүк иш аракеттери деп түшүнүүгө болот. Ушундай жолу менен окуучулар химия боюнча изилдөөнүн негизги методдору менен таанышат жана өз алдынча билим алуунун көндүмдөрүнө ээ болушат.
Окутууда изилдөө методун колдонуу окуучуларды мүмкүн болушунча өз алдынча, чыгармачыл активдүү иш аракеттерге тартууга мүмкүндүк берет. Ошонун негизинде окуучулар маселелерди өздөрү түзүп жана аларды чыгаруунун ар кандай жолдорун таап, рефераттарды жазышат, баяндамаларды даярдашат, ж. б.
Изилдөөчүлүк окутуу жаңы объективдүү илимий маалыматты жаратпайт, бирок илимий изилдөөнү моделдештирет жана окуучуларды субъективдүү жаңы илимий билимдерге алып келет.