Айтбекова Н. М.

    Каратаева С.К., Айтбекова Н.М.,
ӨЗДӨШТҮРҮЛГӨН СӨЗДӨРДӨГҮ ДИФТОНГДОР ЖАНА АЛАРДЫН МОНОФТОНГДОШУУСУ
Страницы:301-307      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-4-301-307

Фонетикалык системадагы татаал фонетикалык бирдик катары белгилүү болгон полифтонгдордон кыпчак, огуз тобундагы бир катар түрк тилдеринде, ошондой эле кыпчакташуу процессине дуушар болгон карлук, уйгур тобундагы түрк тилдеринде жана диалектилеринде дифтонгдор мүнөздүү экендиги белгилүү. Мындай татаал фонетикалык бирдиктер түрк тилдеринин төл сөздөрүндө гана эмес, монгол, иран жана араб тилдеринен өздөштүрүлгөн сөздөрдүн курамында да кездешет.Түрк анын ичинде кыргыз тилине өздөштүрүлгөн сөздөрдүн курамында монгол, иран тилдеринен басыӊкы, араб тилинен көтөрүӊкү дифтонгдор келип кирген. Көпчүлүк учурда монгол тилдериндеги дифтонгдор кыргыз тилинде түпкү тилдеги турпатында колдонулуп, трансформацияга дуушар болгон эмес. Араб жана иран тилдериндеги дифтонгдор кыргыз тилинин ички фонетикалык мыйзамдарына ылайык созулмага өткөн, бирок алардын трансформациясы түрдүүчө жүргөн.   

Полный текст