Мамытов Б. .

    Бекбоева А.К., Мамытов Б...,
КЫРГЫЗСТАНДА МУСУЛМАНДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ
Страницы:32-38      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-1-32-38

Бул макалада авторлор учурдагы кыргызстандык коомундагы светтик жана диний билим берүү системасындагы  окуу программаларынын өзгөчөлүктөрүн талдоого алган. Негизги  көйгөйлөрдүн  бири катары   Кыргызстандагы диний окуу жайларынын предметтик стандартарын өзгөртүүзарылдыгы тастыкталып, диний  билим беруу мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүмусулман интеллигенциясын калыптаныщына өбөлгөболоору белгиленген. Макалада чет элдик тажрыйбанын негизинде Кыргызстанда  диний билим берүүнүн үч негизги модели бар экенин көрүүгө  болот.Авторлор, учурда азыркы коомдун суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн эске алган жогорку исламдык билим берүүнү калыптандыруу артыкчылыктуу болуп саналган бирдиктүү  билим берүү стандарттарынын  кабыл алынышы зарылдыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле, бардык диний окуу жайлары билим берүү министрлиги менен биргеликте иштеши жана мүмкүн болушунча жалпы талаптарга бардык талаптарды жакындатуу керек. Диний окуу жайларына жана  жалпы  окуу жайларына  коюлган талаптардан  айырмачылыктар  дээрлик болбошу абзел. Ал эми, жалпысынан алганда, авторлор, диний билим берүү  мекемелери  мусулман интеллигенциясын даярдоону максат кылган классикалык Ислам билимин  камтыган диний-светтик  окуу пландарын түзүү  мезгил талабы болууда деген пикирге келишкен.

Полный текст