Жайчиева Г. А.

    Бектуров Т.М., Жайчиева Г.А.,
ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРОЦЕСС КАТАРЫ МУЗЫКАЛЫК-ЭСТЕТИКАЛЫК ТАБИТТИН КАЛЫПТАНЫШЫ
Страницы:38-45      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-1-38-45

Бул илимий иш студенттердин музыкалык-эстетикалык табитин калыптандыруунун педагогикалык процессин изилдөөгө арналган. Макалада музыкалык-эстетикалык кабыл алуунун өнүгүшүнүн мааниси келечектеги мугалимдердин кесиптик даярдыгынын жана алардын маданий жактан өсүүсүнүн шартында талдоого алынган. Негизгинен студенттердин музыкалык искусствого болгон баалуулук мамилесин калыптандыруу, музыкалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана эстетикалык кабыл алуусун кеңейтүү үчүн музыкалык билим берүүдө окутуучулар тарабынан колдонулуучу методдор менен ыкмаларга көңүл бурулат. Изилдөө ошондой эле окуучулардын музыкалык-эстетикалык табитин калыптандыруу процессине билим берүү чөйрөсүнүн, маданий турмушка активдүү катышуунун жана билим берүүнүн жаңы технологияларын колдонуунун таасири каралат. Алынган натыйжалар музыка мугалимдери, окуу методисттери жана жогорку окуу жайларында музыкалык сабаттуулукту жана эстетикалык кабыл алууну эффективдүү өнүктүрүүгө кызыккан бардык адамдар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

Полный текст