Мамбетакунова Н. Б.

    Мамбетакунова Н.Б.,
ТАБЫПЧЫЛЫК КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН ЭЛДИК ТАЖРЫЙБА
Страницы:262-269      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-1-262-269

Бул макалада авторлор элдик же салттуу эмес медицинанын  ооруларды дарылоонун элдик элдик табыпчылык эл топтогон жана муундан муунга өткөн эмпирикалык билимдердин бири катары талдоого алынган. Дүйнөдөгү эң байыркы элдердин бири болгон кыргыздар кылымдар бою эмпирикалык жол менен ар кандай ооруларды айыктырууга жөндөмдүү жогорку натыйжалуу жана дары-дармек каражаттарын иштеп чыгышкан жана бул дары-дармектерди туура колдоно алышкандыгы белгиленген. комплексиокуу программаларынын өзгөчөлүктөрүн талдоого алган. Автордун пикири боюнча элдик медицинанын жана ветеринариянын негизин түзгөн өсүмдүктөр жана чөптөр колдонулган. Дары өсүмдүктөрүнөн алынган чийки зат порошок, кайнатма, инфузия түрүндө, кээде дары чөптөрдөн сыгылган дары майлары же ширеси катары кеңири колдонулган. Ошентип, кыргыздар  кылымдар бою жаныбарларга байкоо жүргүзүп келишкен, бул аларга кээ бир оорулардын алдын алуу жана дарылоо чараларын жана ыкмаларын иштеп чыгууга мүмкүндүк бергендиги  белгиленген. Кыргыздардын салттуу дарылоосу эмпирикалык жана илимий мүнөздөгү ата-бабаларыбыздын бул маалыматтар оозеки түрүндө биздин күнгө чейин жетти деген пикирге келген.

Макалада, Кыргыздардын ар түрдүү мейкиндиктеги кунумдук жашоосу салттуу дарылоосу актуалдуулугун жоготпогон жана көчмөн коомдордун тарыхындагы өзгөчөлөнгөн маселелердин бири катары кабылдангандыгы тастыкталган.

Полный текст